KELECHEK
rek

Назарбаев Конституциялык кеңешке кайрылуусуна байланыштуу «чуу көтөрбөөгө» чакырды

Назарбаев Конституциялык кеңешке кайрылуусуна байланыштуу «чуу көтөрбөөгө» чакырды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Конституциялык кеңешмеге жолдогон кайрылуусун «мамлекеттин кадыресе иши» деп атап, ал боюнча «чуу көтөрбөөгө» чакырды.

Мамлекет башчы 1995-жылы Конституция кабыл алынгандан бери Конституциялык кеңешке 22 «президенттик кайрылуу» жөнөткөнүн билдирди.

«Конституциялык кеңеш тууралуу мыйзам бул органга Конституция менен мыйзамдардагы боштуктарды чечмелөө укугун берет. Менин акыркы кайрылуум да ушундай эле учур. Мага «Президент кандай учурларда өз эрки менен кызматтан кете алат?» деген суроо беришкен. Андай норма дүйнөдөгү бардык Конституцияларда бар, бирок бизде жок. Буга байланыштуу мен Конституциялык кеңештен чечмелеп берүүсүн өтүндүм. Ар кимди ар кандай суроолор кызыктырат. Конституцияны, президент жөнүндөгү мыйзамды окугула. Анда шайлоо качан өтөт, ыйгарым укуктары качан токтой турганы так жазылган. Албетте, президенттин мөөнөтсүз шайлоо жарыялоого укугу бар. Бирок бизде андай болбойт. Андыктан тынчтанып, нормалдуу иштейли», — деди президент.

Назарбаев чечмелер берүүнү өтүнгөн Конституциянын 42-беренесинин 3-бөлүгүндө төмөндөгүдөй деп жазылган: «Өлкө президентинин ыйгарым укуктары жаңы шайланган президент кызматка киришкенде, ошондой эле мөөнөтүнөн мурда четтетилгенде же каза болгондо токтотулат. Кызмат ордунан четтетилгендерден башка бардык мурдагы президенттер Казакстан республикасынын экс-президенти наамына ээ болот».

Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жылдан бери башкарып келет. Ал бийликке СССР тарай электе эле келген. 2015-жылы апрелдеги президенттик шайлоодо ал расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын 97 пайызынын добушун алып, бешинчи мөөнөткө шайланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53