KELECHEK
rek

Жекшенкулов: Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт

Жекшенкулов: Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкө аймагында экинчи орус аскердик базасын ачуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды.

«Кыргызстандын түштүгүндө экинчи орус аскердик базаcын ачуу маселеси биздин өлкөнүн жетекчилиги менен тиешелүү мекемелердин түздөн-түз көзөмөлүндө турат. Мындан улам бул маселе эки өлкө президенттеринин марттагы жолугушуусунда талкууланышы мүмкүн», — деди Жекшенкулов.

Ошол эле маалда элчи Ооганстандын түндүк аймактарына Сирия менен Ирактан «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери жеткирилип жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. «Алардын Тажикстандын, андан кийин биздин аймакка кирип келүү ыктымалдыгы өсүп жатат», — деди ал.

Кыргызстандын аймагында Орусиянын бир нече аскердик объектилери бар. Алардын эң ириси — Канттагы авиабаза. Анын курамына Канттагы аэродром, Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз базасы, Майлуу-Суу шаарындагы сейсмологиялык пункт жана Чалдовардагы байланыш түйүнү кирет.

Былтыр декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Орусиянын бир эле аскердик базасы жете турганын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12