KELECHEK

Жээнбеков менен Лавров Путиндин Кыргызстанга сапарын талкуулады

Жээнбеков менен Лавров Путиндин Кыргызстанга сапарын талкуулады

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий сапарынын алкагында бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Лавров анын бул сапары Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга пландалган мамлекеттик сапарына жана өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына даярдык көрүүгө багытталганын билдирди.

«Бүгүн биз Кыргызстандын тышкы иштер министри менен эки өлкөнүн президенттери алдыбызга койгон бардык тышкы саясий маселелерди кеңири талкуулайбыз», — деди ал.

Өз кезегинде Жээнбеков Путиндин алдыдагы сапарын «маанилүү саясий окуя» деп атады. Мамлекет башчынын айтымында, Орусия лидеринин сапары «союздаштык менен стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку деңгээлин» көрсөтөт.

Буга чейин Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары быйыл марттын аягына белгиленгени кабарланган. Кыргызстан президентинин аппаратынын маалыматына караганда, бул сапардын алкагында эки өлкө башчылары аскердик, экономикалык, укук коргоо, аймактык кызматташуу жана тышкы саясий карым-катнаш тармактары боюнча 15ке жакын документке кол коёт деп күтүлүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Сооронбай Жээнбеков: Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити...

Сооронбай Жээнбеков: Россиянын Президенти Владимир Путиндин визити...

«Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жакында боло турган мамлекеттик визити...

CАЯСАТ 2019-02-22  03:14

2020-жылкы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмесин Алмазбек Атамбаев...

2020-жылкы парламенттик шайлоого КСДПнын тизмесин Алмазбек Атамбаев...

2020-жылкы парламенттик шайлоого Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмесин Алмазбек...

CАЯСАТ 2019-02-22  16:23

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин...

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-февралда Россия Федерациясынын Сочи шаарына...

CАЯСАТ 2019-02-11  12:08

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин...

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин...

Бүгүн, 7-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын...

CАЯСАТ 2019-02-07  14:39

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду...

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норовду...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун...

CАЯСАТ 2019-02-07  18:58

Жекшенкулов: Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу...

Жекшенкулов: Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу...

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов өлкө...

CАЯСАТ 2019-02-04  17:57

Өзбекстан «Бишкек-Ташкент» автобус каттамынын үзгүлтүккө учурашы...

Өзбекстан «Бишкек-Ташкент» автобус каттамынын үзгүлтүккө учурашы...

Өзбекстан Автотранспорт мекемеси Казакстандын «Бишкек-Ташкент» багыты боюнча...

CАЯСАТ 2019-02-04  17:59