KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков 31-январда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук Академиясын түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

“Манас” эпосун, жалпысынан кыргыздардын эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө Жарлыктын максаты болуп саналат.

Жарлыктын текстинде белгиленгендей, кыргыз тили, байыркы жана соңку тарыхтын бай маданий мурасы азыркы учурда жана келечекте кыргыз улуттук мамлекеттүүлүгүнүн руханий негизин түзүп, өсүп келе жаткан муундарды тарбиялоо ишинде адеп-ахлактын өзөгү жана карманган жолу болушу керек, ал эми кыргыздардын “Манас” эпосу БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясына ылайык Кыргызстан элинин гана эмес, бүткүл адамзаттын да руханий жана тарыхый-маданий дөөлөтүнүн бир бөлүгү болуп таанылды.

Мындан тышкары, “Манас. Семетей. Сейтек” эпикалык үчилтиги ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдүү тизмесине кирди, ошондой эле 2018-жылдагы Ысык-Көл эл аралык форумунун катышуучуларынын дүйнөлүк лидерлерге, мамлекет башчыларына, коомдук ишмерлерге, илим, маданият жана искусство ишмерлерине кайрылуусу эске алынды.

Академиянын ишинде “Манас” эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган көөнөрбөс руханий, адеп-ахлактык жана этикалык баалуулуктарды жайылтууга жана популярдаштырууга, илимий, техникалык жана искусство таануучулук изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү, илимий-практикалык, илимий-техникалык конференцияларды, долбоорлорду, конкурстарды, симпозиумдарды жана башка иш-чараларды, анын ичинде эл аралык иш-чараларды уюштуруу, өткөрүү жана аларга катышуу, илимий-изилдөө, илимий-популярдуу эмгектерди, мезгилдүү жана сериялык тематикалуу басылмаларды чыгаруу, аудио-визуалдык, окутуучу-агартуучу, таанып билүүчү материалдарды даярдоо сунушталды.

Ошондой эле Улуттук академия эл аралык гуманитардык комплекстүү программаларды ишке ашырууга багытталган сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында дүйнөлүк маданияттын ишмерлеринин диалогдору жана жолугушуулары өтүүчү аянтча катары Ысык-Көл эл аралык форумунун ишин камсыз кылат. Улуттук жана дүйнөлүк адабияттын казынасынын ажырагыс бөлүгү катары “Манас” эпосун, кыргыз элинин башка эпикалык жана руханий мурасын, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жергиликтүү, улуттук жана эл аралык деңгээлдерде жайылтуу боюнча чыгармачыл бирликтердин, жарандык коомдун башка уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын демилгелерин колдоп, иш-чаралардын комплекстүү тематикалык планын илимий-изилдөө, агартуу, маалыматтык-коммуникациялык иштин негизинде иштеп чыгат жана анын ишке ашырылышын камсыз кылат.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Манас жана Айтматов академиясын түзүү чечими кабыл алынганы жөнүндө 2018-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу жыйында билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29