KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган шарт түзүшүбүз керек

Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган шарт түзүшүбүз керек

«Биз жер казынасын пайдалануу чөйрөсү коррупцияланбаган, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу болушуна шарт түзүшүбүз керек», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 30-январда КР Коопсуздук Кеңешинин жыйынында. Жыйында «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселеси каралды.

Мамлекет башчысы жерибиздин жаратылыш байлыктарынын жоопкерчиликсиз жана сарамжалсыз пайдаланылып жатканына бөгөт коюу — бул келечекке болгон негизги камкордук экенин белгиледи.

«Кендерди казып алуу боюнча эскирген ыкмаларды колдонууну, лицензиялык макулдашуунун талаптары сакталбаган учурларды, коррупциялык схемаларды жоюу зарыл. Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө чаржайыт саясат жүргүзүү, коррупциянын орун алышы жана мыйзам чыгаруунун жаңыланбай калганы — өлкөбүздүн инвестициялык имиджине терс таасирин тийгизип келе жатат», — деп айтты Президент.

Ал дагы бир жолу так пландоонун, анык стратегиянын жоктугунан, жер казынасын пайдалануу чөйрөсү абдан коррупцияланган жана криминалдашкан чөйрөгө айланып кеткенин баса белгиледи.

«Кайсы инвестор, анын укуктары жана кызыкчылыктары мамлекет тарабынан корголбой турганын билип туруп, өлкөгө өзүнүн финансылык каражаттарын салат? Кантип экономиканы көтөрүп, айлык акыларды төлөп, пенсия, пособиелерди төлөйбүз? Бул тармактагы абалды оңдоо максатында ыкчам чаралар көрүлбөсө, өлкөбүздүн экономикасына, калктын турмушуна терс таасир күчөйт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана Коопсуздук кеӊешинин чечиминде камтылышы зарыл болгон талаптарды атады.

Өкмөттөн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, өлкө мыйзамдарына ылайык иштеп жаткан компаниялардын ишмердигин токтотууга жасалган аракеттерге жол бербөө талап кылынат.

Тартипсиздикти уюштургандарга жол бербөө жана жергиликтүү калктын арасында жетишерлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүү — негизги талаптардын бири.

«Быйыл Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын астында Бишкекте өтөт. Бул эл аралык иш-чаранын астында өлкөдөгү маалыматтык маанайды бузгусу келген күчтөр бар. Аны баарыңар көрүп, билип жатасыңар. Бүткүл дүйнө Кытайдын өнүгүү темпин эсепке алып, өзүнүн экономикалык саясатын жүргүзүп жатат. Кытайга чектешпеген мамлекеттер да ушуга умтулуп жатышат. Биз Кытай менен чектешпиз, муну биз өнүгүү үчүн жагымдуу шарт катары пайдалануубуз абзел. Тышкы саясаттагы өнөктөштүк мамилелерге абдан кылдат мамиле кылуу — биз үчүн абдан зарыл нерсе. Атайын провокация уюштургандарга жол бербейбиз», — деп белгиледи Президент.

Кумтөр кени жөнүндө айтып, Мамлекет башчысы «Кумтөр» менен келишимди Өкмөт азыр дыкат иликтеп, анализдеп жатканын, көп суроолорго жооп алынаарын белгиледи.

«Инвестициялардын келиши үчүн тоо кен тармагындагы, жалпы эле өлкөдөгү инвестициялык климатка аяр мамиле кылуубуз керек», — деп айтты Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүнкү маселени бекеринен Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюп жатпаганын, көйгөйлүү маселелердин баары чечилип, бул тармакка инвестиция ачык, таза жол менен тартылышы керек экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары кен байлыктарды мыйзамсыз казып алууга бөгөт коюу, баш аламандыктарды уюштурган жана шыкактаган адамдарды аныктап, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, уюшкан кылмыштуу топтордун кен чыккан жерлерди иштетүүгө таасирин жана мыйзамсыз ишмердигин жоюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларды активдештирүү керек. Укук коргоо органдары тез арада жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жасалган кылмыштардын, анын ичинде мыйзамсыз лицензиялар берилген фактылардын бетин ачып, бөгөт коюу керек.

«Эгерде мында мыйзам бузулса, же лицензиялар мыйзамсыз кармалып жатса, ушундай чиновниктерди жазык жоопкерчилигине тартуу керек. Айрымдарына карата тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп башталды. Мисалы, мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин үстүнөн жазык иши эмне жагдай менен козголгонун баарыңар билесиңер», — деди Президент.

Ал бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да жаратылышты коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча тенденция байкалып турганын белгиледи. Өлкөдө бир кыйылган дарак үчүн 100 көчөт отургузуу керек деген ченем киргизилген. Бирок бул ченемдин реалдуу аткарылышын камсыз кылчу механизмдерди иштеп чыгып, лицензияларды берүүнүн шарттарына киргизиш керек.

Мындан тышкары, бардык казып алына турган кендерден мамлекеттин үлүшүн милдеттүү түрдө алууну мыйзам аркылуу караштырып, жергиликтүү жашоочулар тоо-кен казуу компаниялардын тынымсыз иштөөсүнө өздөрү кызыкдар боло турган шарттарды түзүү зарыл.

«Тоо-кендерин иштетүүдө келип түшкөн акча каражаттарын ошол аймакты өнүктүрүүгө, өндүрүш ишканаларын ачууга максималдуу пайдалануу керек. Фонддогу каражат „сол чөнтөккө“ эмес, элдин пайдасына, аймактардын пайдасына кетсе, кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономика өссө, республикалык, жергиликтүү бюджеттерге каражат түшсө, калк арасында эч кандай нааразылык болбойт», — деп айтты Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып.

Ал ошондой эле Билим берүү министрлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге тоо-кен казуу, иштетүү тармагы менен байланышкан кадрларды максаттуу даярдоонун механизмдерин ишке киргизүү керектигин белгиледи.

Нефтиси, газы бар өлкөлөр тиешелүү институттарды түзгөн. Дүйнө жүзүндө жер казынасын пайдаланууга байланыштуу окуу жайлар абройлуу болуп саналат, алардын бүтүрүүчүлөрүнө дүйнө жүзүндө суроо талап чоң. Улуттук кызыкчылыктарды коргош үчүн жер байлыгын сарамжалдуу пайдаланган адистерди даярдоо зарыл.

«Кен иштеткен алыскы аймактын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алууга гранттарды, кредиттерди камсыз кылуу керек. Кыргызстан өндүрүштү жөнгө сала турган, жаңы технологияларды издеп тапкан кесипкөй иштермандарды даярдап, аларды тоо-кен казуу компаниялардын ишине тартуусу зарыл. Бул биздин улуттук кызыкчылыктарга жооп берет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, товарларды же кызмат көрсөтүүнү арзан баада көрсөтө алган ата-мекендик бизнесмендерге жана жергиликтүү өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүк бериш керек. Бирок, айрым тоо-кен казуу компаниялары товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү чет өлкөдөн сатып алышат.

Ошондуктан ата мекендик бизнести коргоого багытталган мыйзам ченемдерин караштырып, аларга чет өлкөлүк компаниялар менен атаандашууга жана өнүгүүгө мүмкүндүк бериш керек.

«Коопсуздук Кеңешинин бүгүн кабыл алган чечими жер казынасын пайдалануу тармагында улуттук кызыкчылыгыбызды коргоо үчүн зарыл», — деп айтты Президент.

Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнүн ишине баа берип жатып, Сооронбай Жээнбеков алар алдында турган милдеттерди талаптагыдай аткара алган жок, иш канааттандырарлык эмес жүргүзүлүп жатканын айтты.

Ал Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасынын гана эмес, статс-катчынын, жер казынасын пайдалануу маселелерин тейлеген орун басарлардын жана ишти начарлаткан бардык башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды. Мындан тышкары, коррупциялык схемаларды түзүүгө жол берген Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын канааттандырарлык эмес жумушун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков сөзүнүн аягында баарын өлкөнүн байлыгын сактап, көбөйтүү үчүн болгон аракетти жумшоого чакырды.

Талкуунун натыйжасында кошумчаларды жана сунуштарды эске алуу менен Коопсуздук Кеңешинин чечиминин долбоору негиз катары кабыл алынды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12