KELECHEK
rek

Кыргызстан коррупция индексинде мурдагы позициясында калды

Кыргызстан коррупция индексинде мурдагы позициясында калды

Дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупцияны иликтеген "Transparency International” уюму жаңы жарыяланган жылдык баяндамасында Кыргызстанды 180 өлкөнүн ичинен 132-орунга жайгаштырды.

Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстан дээрлик бирдей упай алып келет:

  • 2015: 28 балл, 123-орун
  • 2016: 28 балл, 136-орун
  • 2017: 29 балл, 135-орун
  • 2018: 29 балл, 132-орун

Иликтөөнүн авторлорунун белгилешинче, 30 баллдан төмөнкү көрсөткүч өкмөт коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керек дегенди билдирет.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан Кыргызстандан алдыда, 124-орунда. Тажикстан Кыргызстандан кийин 152, Өзбекстан 158, Түркмөнстан 161-орунга коюлган.

"Transparency International” өзүнүн жаңы баяндамасында Борбор Азия менен Чыгыш Европада, мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлин азайтуу ишинде олуттуу жылыш жок болуп, бул өз кезегинде аталган аймактарда демократияга коркунуч туудуруп жатканын белгилейт.

Эң мыкты көрсөткүчө Дания ээ болгон, экинчи орунда Жаңы Зеландия турат. Үчүнчү орунду Финляндия, Сингапур, Швеция жана Швейцария бөлүшүп алды. Эң төмөнкү балл Түндүк Корея (14), Йемен (14), Түштүк Судан (13), Сирия (13) жана Сомалиге (10) таандык.

"Transparency International” иликтөө өткөрүлгөн жана сурамжылоо жүргүзүлгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик секторундагы коррупция көрсөткүчтөрүн 0дөн 100 упайга чейинки ченем менен эсептейт.

Мында нөл упайлык көрсөткүч мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээли абдан жогору, 100 упай абдан төмөн дегенди туюндурат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53