KELECHEK
rek

Бишкектеги митингге катышкан аял эки айга камалды

Бишкектеги митингге катышкан аял эки айга камалды

Быйыл 17-январда Бишкекте өткөн митингге катышкан Гүлжамила Сапаралиева эки айга тергөө абагына камалды.

Митингди уюштуруучулардын бири, активист Аманбол Бабакулов билдиргендей, Биринчи май райондук соту 25-январда ушундай чечим чыгарды. 56 жаштагы Сапаралиева "митингде улут аралык жаңжалды козуткан сөз сүйлөгөн" деп шек саналып жатат. Бабакулов өзү бул сотко күбө катары чакырылганын жана сурак берип чыкканын маалымдап, соттун чечимин Интернетке жарыялады. Гүлжамила Сапаралиеванын бөгөт чарасы тууралуу сот чечиминде ал 2019-жылдын 17-мартына чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармалаары жазылган.

Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 17-январда катталган. Анын негизинде Гүлжамила Сапаралиева шектүү катары 23-январда кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Ал күнү милиция 21 кишини кармап кетип, январда күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык 3000 сомдон айыппул салгандан кийин бошоткон. Айыпка жыгылгандардын бир тобу буга макул болбой сотко даттанган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53