KELECHEK
rek

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАГЫ БИР ЖЕР АСТЫ ӨТМӨГҮ КУРУЛАТ (ФОТО)

ЖАЛАЛ-АБАДДА ДАГЫ БИР ЖЕР АСТЫ ӨТМӨГҮ КУРУЛАТ (ФОТО)

Жалал-Абад шаарында быйыл дагы бир жер асты өтмөгү курулуп, инфраструктуралык курулуштардын көлөмү көбөйөт. Ал эми шаардык кеңештин депутаттары иштин сапатына көбүрөөк көңүл буруу зарылдыгын айтышууда. Бул тууралуу шаар мэриясында 2019-жылдын бюджетин талкуулаган коомдук угууда кеп болду.  

Шаар мэри өткөн жылы курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттен 147 миллион сом бөлүнүп, көп иш аткарылганын маалымдады. Шаар тарыхындагы биринчи жолу жер асты өтмөгү жана ондогон курулуштар бүткөрүлгөн.

Быйыл шаардыктардын сунуш-талаптары эске алынып, борбордук Ленин көчөсүнө дагы бир жер асты өтмөгү куруу пландалды. Ал өткөн жылдагыга караганда кенен жана ыңгайлуу, соода жайлары менен кошо курулмакчы. Андан сырткары, тротуарлар, балдар бакчаларын куруу, негизги көчөлөрдү кеңейтүү, скверлерди жасоо жана шаарды жашылдандыруу саясатын күчөтүү көздө тутулууда. Ошондой эле шаардын эки аймактык башкаруусу газдаштырылып, саркынды суу тармагын реабилитациялоо долбоору башталат.  

Коомдук угууга катышкан шаар тургундары бюджет жана аткарылуучу иштер боюнча өздөрүнүн сунуштарын айтышып, жалпысынан аны жактырышты.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы шаардын жергиликтүү бюджетинин көлөмү 386 миллион сом болуп, анын 40 пайызынан кем эмеси курулуш иштерине жумшалмакчы. Ал эми жалпы шаарда быйылкы жылы салыктардан 359 миллион 421 миң сом киреше алынса, салык эмес кирешелери 110 миллион 992,4 миң сом деп долбоорлонгон. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38