KELECHEK
rek

Магнитогорскто борборазиялык мигранттар жапырт текшерилүүдө

Магнитогорскто борборазиялык мигранттар жапырт текшерилүүдө

31-декабрда Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдөгү жана маршруткадагы жарылуудан кийин Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар жапырт түрдө текшериле баштады. Бул тууралуу «Комсомольская правда» гезити жазды.

Басылманын маалыматына караганда, полиция кызматкерлери маршрутка айдоочуларын, ошондой эле «Гранд» соода борбору менен «Жашыл базардын» айланасында иштеген өзбек, кыргыз жана тажик жарандарын текшерүүдө.

Жергиликтүү полициядан бул рейддер мигранттарды жапырт текшерүү эмес, кадимки эле алдын алуу иш-чарасы экенин билдиришүүдө.

Орус маалымат каражаттары 20-январда участкалык полиция кызматкерлерине өз аймагындагы бардык батирлерди текшерип чыгуу тапшырмасы берилгенин кабарлашууда.

Мындай текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 29 жаштагы кыргыз жараны Хусниддин Зайнобиддинов кармалган. Ал 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө болгон кандуу окуяларга тиешеси бар деген айып менен кыргыз укук коргоочулары тарабынан эл аралык издөөгө жарыяланган.

Анын жубайы Халимахон Зайнобиддинова алты саатка созулган сурак маалында полиция кызматкерлери күйөөсүн кыйноого алышканын билдирүүдө. «Күйөөмө жолукканда бети көк-ала, көздөрү кызырган абалда болчу. Хусниддин полиция бөлүмүндө аны эсин жоготкончо кыйнап, кылбаган кылмыш үчүн күнөөнү мойнуна алууга мажбурлашканын айтты», — деди ал.

Учурда Магнитогорск шаарындагы №2 тергөө абагында камакта жаткан Хусниддин Зайнобиддинов жакынкы күндөрү Кыргызстанга экстрадицияланышы мүмкүн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...