
Президент Сооронбай Жээнбеков футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана Бишкекте эл аралык деңгээлдеги стадион курууну сунуштады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну жана программанын алкагында Бишкекте эл аралык деңгээлдеги жаңы заманбап футбол стадионун курууну сунуштады. Бул тууралуу ал 24-январда, футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде билдирди.
«Сиздердин Азия Кубогунда 1/8ге чыгышыңыздар эле тарыхый окуя болуп саналат. Кыргызстан ФИФА рейтингинде 2012-жылы 195-орунду ээлеген. Быйылкы жылы биз 91-орунду ээледик. Бул ийгиликтин, жаркын жеңишиңиздердин артында чоң эмгек, тынымсыз машыгуулар турат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент Сооронбай Жээнбеков Азия Кубогуна катышуу курама команда үчүн жакшы салт болооруна, командага өзүнүн чеберчилигин өнүктүрүүгө жана эл аралык беттештерди кабыл алууга чоң мүмкүнчүлүк берээрине ишенимин билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Кыргызстандын футбол федерациясын Канатбек Маматов жетектейт
Канатбек Маматов Сүрөт: КРФФнын басма сөз кызматы
Кыргыз Республикасынын футбол...
СПОРТ 2019-02-11 12:36
Өлкөдө киберспорт расмий түрдө спорт түрү болуп жарыяланды
Өлкөдө киберспорт спорт...
СПОРТ 2019-02-09 12:33
Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Улуттук курама...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 24-январда өлкөнүн футбол боюнча Улуттук...
СПОРТ 2019-01-25 08:47
Сборная Кыргызстана покидает Кубок Азии - 2019 проиграв ОАЭ
Национальная сборная Кыргызстана по футболу покидает Кубок Азии - 2019 проиграв в 1/8 финала хозяйке...
СПОРТ 2019-01-22 02:18
Кыргызстан Азия кубогунун 1/8 финалына чыкты
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогунда Филиппин командасын 3:1 эсебинде утуп,...
СПОРТ 2019-01-17 04:52
Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы эртең, 16-январында Филиппиндин...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-январда Кыргызстандын футбол боюнча...
СПОРТ 2019-01-15 18:37
Президенттин Аппарат Жетекчиси Эсеналиев белгилүү футболчу Ильзат...
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев Кыргызстанда сезон...
СПОРТ 2019-01-12 16:58