KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Улуттук курама команданын оюнчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 24-январда өлкөнүн футбол боюнча Улуттук курама командасынын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды жана КР Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Мамлекет башчысы курама команданын мүчөлөрүнө, машыктыруучуларына, дарыгерлерге жана Ата Мекендик футболдун өнүгүшүнө салым кошкондордун бардыгына ыраазычылык билдирип, аларга жаңы бийиктиктерди багындырууну каалады.

КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов кыргыз футболун колдоп, командага көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда футбол мамлекеттин колдоосуна муктаж экенин белгиледи.

Курама команданын машыктыруучусу Александр Крестинин футболдун бириктирүүчү күчүн, футболисттердин материалдык-техникалык базасын бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Президенттин эл аралык деңгээлдеги жаңы стадионду куруу сунушун колдоду. Ал Мамлекет башчысына колдоосу жана футболду өнүктүрүү маселесинин тереңдигин түшүнгөнү үчүн ыраазычылык билдирди. «Бизге сиздердин колдооңуздар керек, ал эми биз мындан ары дагы өнүккүбүз келет, ага эркибиз жетет», — деп айтты Александр Крестинин.

«Дордой» спорт клубдун президенти Аскар Салымбеков Президент Сооронбай Жээнбековду оюнчуларга өзү телефон чалып колдогон команданын 12чи оюнчусу, ал эми кыргызстандык күйөрмандарды 13чү оюнчу деп атап, футбол — бул оюн эле эмес, андан да чоң нерсе экенин, аны өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле башка футболисттер дагы сөз сүйлөшүп, алдыдагы мелдештерде жаңы жеңиштерге жетишүүнү убада кылышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууда Азия Кубогу өтүп жатканда төрөлгөн футболчу Турсунали Рустамовдун кызына атасы аркылуу белек берип жиберди

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка...

Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка...

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү....

СПОРТ 2019-08-16  02:20

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

Эл аралык бокс федерациясы олимпиадалык турнирден четтетилди

26-июнда Эл аралык Олимпиада комитети Лозаннада өткөн...

СПОРТ 2019-06-27  19:57

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы камакка алынат

Ооганстандын футбол федерациясынын мурдагы башчысы камакка алынат

Ооганстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Керамуудин Карим

9-июнда Ооганстандын...

СПОРТ 2019-06-12  17:35

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоду

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп,...

СПОРТ 2019-06-10  14:30

Өзбекстан кыз-келиндер футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө...

Өзбекстан кыз-келиндер футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө...

2022-жылы кыз-келиндер футболу боюнча Азия Кубогун...

СПОРТ 2019-06-03  11:01

Түркмөнстанда Эл аралык ралли-рейд чемпионаты өтпөй калды

Түркмөнстанда Эл аралык ралли-рейд чемпионаты өтпөй калды

Түркмөнстанда 5-11-майга белгиленген «Амуль—Хазар 2019»...

СПОРТ 2019-04-18  11:20

Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада жана дүйнө чемпиону,...

Президент Сооронбай Жээнбеков Олимпиада жана дүйнө чемпиону,...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 12-апрелде Олимпиада жана дүйнө чемпиону,...

СПОРТ 2019-04-13  04:39