KELECHEK
rek

Данияр Сыдыков: Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө

Данияр Сыдыков: Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө

«Кыргыз-россиялык мамилелерди, союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүктү илгерилетүү, достукту бекемдөө жана экономикалык долбоорлорду алга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди Кыргыз Республикасына мамлекеттик визит менен келүүгө чакырган.

Азыр тараптар бул маселенин үстүндө иштешүүдө. Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визити 2019-жылдын март айынын аягында болоору күтүлүүдө», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Ал 2018-жылдын сентябрь айында Тажикстанда өткөн КМШ мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги Кеңешинин талаасында Кыргызстандын жана Россиянын Президенттеринин эки тараптуу жолугушуусу болгонун, анын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди расмий түрдө Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырганын эске салды. Ошол учурдан баштап бул иш-чараны даярдоо боюнча активдүү иш башталды.

«КР тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков 2018-жылдын 26-октябрындагы өзүнүн Россияга алгачкы визитинин алкагында россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушкан. Тараптар Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитине байланыштуу маселелерди талкуулашты», — деп кошумчалады Данияр Сыдыков.

2019-жылдын 3-4-февралында Россия Федерациясынын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстанга расмий визити күтүлүүдө. Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга алдыдагы мамлекеттик визитин талкуулоо анын күн тартибиндеги башкы маселе болот.

«Мамлекеттик визиттин алкагында бир катар иш-чаралар болжолдонгон. Кыргыз-россиялык Өкмөттөр аралык комиссиянын 21-отуруму өтөт, Кыргызстандын жана Россиянын бизнес коомчулугунун 500 өкүлү катышкан 8-кыргыз-россиялык Региондор аралык конференциясы өткөрүлөт. Кыргызстанда биринчи жолу Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖдорунун ректорлорунун Форуму өтөт. Форумдун жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда бир катар Макулдашууларга кол коюлат», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Кыргызстандын жана Россиянын Президенттеринин эки тараптуу жолугушууларынын алкагында кыргыз-россиялык кызматташтыктын орчундуу маселелери боюнча, анын ичинде: соода-экономикалык кызматташтык, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргызстанда инфраструктуралык курулуш чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү маселелери талкууланат. Ошондой эле Россияда жашап жана эмгектенип жатышкан мекендештер жөнүндө маселелер көтөрүлөт.

Россия Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин жыйынтыктары боюнча аскерий, экономикалык жана укук коргоо чөйрөлөрү, регионалдык кызматташтык жана тышкы саясатта өз ара аракеттешүү боюнча 15ке чукул документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

«Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга алдыдагы мамлекеттик визитинин жыйынтыктары боюнча биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер мындан ары карай тездик менен өнүгө баштайт деп ишенебиз», — деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12