KELECHEK

Тимошенко президенттик шайлоого катышарын жарыялады

Тимошенко президенттик шайлоого катышарын  жарыялады

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко президенттикке ат салышуу ниетин билдирди. Ал жетектеген "Батькивщина" партиясынын Киевдеги курултайында шейшембиде делегаттардын бардыгы талапкеригин колдошту.

Тимошенко мурда кетирген каталары үчүн кечирим сурады жана Кремль менен эч кандай байланышы жок экенин айтты. Саясатчы Донбасстагы жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарды Украинага кайтарууга убада берди.

Сурамжылоолорго караганда, 2004-жылы ошол маалда президенттикке талапкер болгон Виктор Ющенко менен Саргылт революциянын башында турган 58 жаштагы Тимошенко мартка белгиленген ат салыштын лидери саналууда.

Юшенконун жеңишинен кийин өкмөт башчылыкка дайындалган Тимошенко тогуз айдан кийин кызматтан алынган. 2007-2010-жылдар аралыгында кайрадан премьер болгон. 2011-жылы Виктор Януковичтин тушунда паракорлукка айыпталып жети жылга абакка кесилген жана 2014-жылы Янукович бийликтен кулатылганда бошотулган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча...

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча...

Казакстанда жарандык активисттерден турган топ...

Шайлоо 2019-08-23  04:34

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев азыркы бийликке каршы чыккандарды...

Шайлоо 2019-08-21  19:25

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту...

Шайлоо 2019-06-10  15:18

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада кезексиз парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленди. Бул тууралуу...

Шайлоо 2019-05-22  18:18

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандагы саясий партиялар өлкө...

Шайлоо 2019-05-15  07:36

Казакстанда Токаев расмий түрдө президенттике талапкер катары...

Казакстанда Токаев расмий түрдө президенттике талапкер катары...

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда Касым-Жомарт Токаевди Казакстан президенттигине талапкер катары...

Шайлоо 2019-05-03  16:43