KELECHEK
rek

Reuters: Ооганстандагы аскердик базага кол салуудан 126 киши өлдү

Reuters: Ооганстандагы аскердик базага кол салуудан 126 киши өлдү

Ооганстандын машыктыруучу аскердик комплексине "Талибан" тобунун мүчөлөрү кол салып, кеминде 126 киши мерт болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигиндеги өз булагына таянуу менен билдирди. Расмий маалыматтарда болсо 12 киши көз жумганы айтылууда.

"Талибан" кыймылынын өкүлү чабуул маалында 190 ооган аскери набыт болгонун ырастоодо.

Кол салуу дүйшөмбү күнү Вардак провинциясынын борбору – Майданшахар шаарында болгон. Жоочу аскердик базанын жанында автоунааны жардырып жиберген, кийинчерээк "Талибандын" үч мүчөсү комплекстин кызматкерлерине ок атышкан.

"Талибан" радикалдуу кыймылы 1996-2001-жылдар аралыгында Ооганстанда бийликти кармап турган, андан соң эл аралык коалициянын жардамы менен сүрүлгөн. Бирок кыймылды толугу менен жеңүү мүмкүн боло элек. Акыркы жылдары Ооганстанда кырдаал курчуду: республикада дайыма теракт болуп, радикалдуу исламисттер баш көтөрүүдө.

ВВСнин иликтөөсүнө ылайык, "Талибан" кыймылы Ооганстан аймагынын 70% активдүү аракеттерди көрсөтүп келет. Кыймылдын өкүлдөрү АКШ менен НАТО өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетсе, Кабулда бийликти кайтарып алабыз деп ишенишет. Мындан улам Ооганстандын мыйзамдуу бийлиги жана АКШ кыймыл мүчөлөрүн тынчтык жараянына кошууга даяр.

2018-жылы ноябрда Москвада өткөн кеңешмеде талиптердин делегеция башчысы Мохаммад Аббас Станакзай “Талибан” тынчтык тууралуу АКШ менен гана сүйлөшөрүн айткан. Кыймыл Ооганстандан эл аралык аскерлерди чыгарууну талап кылып келет жана азыркы өкмөттү легитимдүү деп эсептебейт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...