KELECHEK
rek

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу сунушталууда

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу сунушталууда

“Манас” эпосундагы каармандардын атын алкоголдук ичимдиктерге коюуга тыюу салган мыйзам долбоору коомдун талкуусуна коюлду. "“Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү депутат Тазабек Икрамов сунуш кылууда.

Ага ылайык, «Манас» терминин жана «Манас» эпосунун оң каармандары болгон баатырларды, Манас, Бакай, Семетей, Каныкей, Сейтек аттарын алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки өндүрүмүнө пайдаланууга тыюу салынат.

- Азыркы учурда биздин ыйык баалуулуктарыбызга мамиле кылууда республиканын тарбия берүү түзүмдөрүндө иш жүргүзүү, идеологиянын жана калктын аң-сезиминин деңгээлин көтөрүү зарылдыгы келип чыкты. Балдарыбыздан "Манасты тааныйсыңбы?" деп сурап калышса: “Ооба, билем, “Манас” коньягын билем” дебеши керек. Идеология катары "Манастын урпагыбыз" деп айтып келебиз. Тарбия, таалим алыш үчүн биздин урпактарга, балдарга Манас атабызды даражасын чоң кылып көрсөтүшүбүз керек.

"Манас" эпосу - кыргыз элинин басып өткөн тарыхый жолун чагылдырган эпикалык чыгарма. Кыргыз элинин дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Эпостун баш каарманы – Манас.

Кыргызстанда "Манас", “Семетей”, “Бакай” деген аталышта арак жана коньяк бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53