KELECHEK
rek

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

Тажик бийлиги эл аралык интернет-трафиктин баасын жогорулатуу менен бюджеттин кирешесин көбөйтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн Байланыш кызматындагы өз булактар кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындан улам Тажикстанда интернеттин баасы 10-15 пайызга кымбаттайт деп күтүлүүдө.

Буга чейин өлкөнүн Салык комитети жарандар мессенджерлер жана байланыш компанияларынын тиркемелери аркылуу сүйлөшүүгө көбүрөөк артыкчылык берип жаткандыктан, эл аралык чалуулардан түшкөн киреше кыйла азайганын билдирген. Буга байланыштуу мекеме байланыш операторлорунан абоненттердин Viber, Whatsapp, IMO өңдүү мессенджерлер аркылуу канча сүйлөшкөнүн эсептеп, ага ылайык өлкө бюджетине салык төлөөнү талап кылган. Бирок уюлдук байланыш операторлору абоненттердин мессенджерлер аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн узактыгын эсептеп чыгуу мүмкүн эмес экенин билдиришкен.

Андан соң Салык комитети Тажикстанда NGN-байланышын калыбына келтирүү маселесин көтөрүп чыккан. Мекемеден билдиришкендей, мессенджерлерге караганда, NGN аркылуу сүйлөшүүлөрдүн узактыгын эсептеп чыгуу кыйла жеңил.

2017-жылдын аягында өкмөттүн алдындагы Байланыш кызматы байланыш операторлору менен интернет-провайдерлерден NGNди өчүрүүнү талап кылган. Анда мекеме NGN өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылуу максатында өчүрүлүп жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38