KELECHEK
rek

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун карап жатат

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун карап жатат

Парламент чет өлкөлүк мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам долбоорун карап жатат. Бул тууралуу мыйзамсыз миграцияга каршы Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингде Мамлекеттик миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтымында, учурда чет өлкөлүк жарандар үчүн иштөөгө уруксат берүүнүн баасы 2 миң сомду түзсө, жаңы мыйзам долбоорунда ал 30 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Мындан тышкары Токтоболотов документте ишканалардагы чет өлкөлүк жумушчулардын саны жалпы кызматкерлердин 20 пайызынан ашпашы керек деген норма бар экенин белгиледи.

Декабрда активисттер Кытайдан келген мигранттарга каршы бир нече акция өткөрүп, аларды депортация кылууну талап кылышкан. «Кырк чоро» кыймылынын мүчөлөрү бийлик тараптан эч кандай реакция болбосо, бул иш менен алар өзүлөрү алектенүүгө даяр экендиктерин билдиришкен.

Мындан тышкар социалдык түйүндөрдө Кытайдан келген мыйзамсыз миграция агымын токтотууга чакырган тексттик жана видео түрүндөгү билдирүүлөр жарыяланууда. ИИМ чагым салуу жана улут аралык кастыкты козутуу үчүн кылмыш жоокерчилиги каралганын эскерткен расмий билдирүү тараткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун тургундары менен жолугушуусу маалында Кытай менен алака-катышты бузгусу келген ички күчтөр кимдер экенин биле турганын айтып, бирок алардын ысымдарын ачыкка чыгарган эмес.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53