KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот

Президент Сооронбай Жээнбеков: 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот

«2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы ичүүчү таза суу менен толук камсыз болот», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 14-январда КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору (Мамкурулуш) Бактыбек Абдиев, Мамкурулуштун Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жана КР Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору (АРИС) Бекжан Супаналиев менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушуунун катышуучулары Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо стратегиясынын жана программасынын алкагында долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 21 шаарында учурда 193 млн еврого долбоорлор ишке ашырылып жатат. Таза суу менен камсыздоо боюнча эң начар абал Жалал-Абад облусунда, бул региондун 148 айылында ичүүчү суу жок. Ал эми Кыргызстан боюнча 390 айылда ичүүчү таза суу жок.

Таза суу менен камсыздоо долбоорлорун Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, ЕРӨБ, Евросоюз, Швейцариялык конфедерация сыяктуу ж. б. Кыргызстандын өнөктөштөрү менен донорлор колдоп жатат, алардан өлкө көбүнчө грант түрүндө жалпысынан 191 млн доллар алган.

Мындан тышкары, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт сыяктуу ж. б. араб өлкөлөрүнүн ар кандай фонддору Кыргызстанды таза суу менен камсыздоо долбоорлоруна инвестицияларды алып келүүгө жардам берүүгө кызыкдар.

Мамлекеттик бюджет тарабынан 2019-жылга калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого 350 млн сом каралып жатат, ошол эле маалда 2018-жылы 250 млн сом, ал эми 2014-жылы 25 млн сом бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы айрым айылдарда калктын таза ичүүчү сууга жетишпегендиги өлкөдөгү курч көйгөйлөрдүн бири болуп жатканын айтты.

«Биз сөзсүз түрдө калкты таза суу менен камсыздоо стратегиясын ишке ашырышыбыз керек. Антпесе биз экономиканы өнүктүрө албайбыз, миграцияны кыскарта албайбыз, бул калктын ден соолугуна түздөн-түз таасир этет. Кыргызстандын калкын таза суу менен камсыздоо программасы сөзсүз ишке ашырылат, 2024-жылга чейин Кыргызстандын калкы таза ичүүчү суу менен толук камсыз болот. Бул биздин мамлекетибиздин келечегинин маселеси», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо анын президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин эске салды.

Ал белгилегендей, ичүүчү таза суу көйгөйү көбүнчө айыл жеринде байкалат жана таза сууга биринчи кезекте зар болгон айылдардын тизмесин аныктоо керектигин белгиледи.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тармагына сырткы инвестицияларды тартуу жумушун активдештирүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13