KELECHEK
rek

Трамп Түркияга Сириядагы күрттөргө чабуул жасабашы керектигин эскертти

Трамп Түркияга Сириядагы күрттөргө чабуул жасабашы керектигин эскертти

АКШ жана Түркия президенттери (архив сүрөт)

АКШнын президенти Дональд Трамп Түркия Сириядагы күрттөргө карата агрессиялык аракеттерден алыс болушу керектигин эскертип, алар жихадчыларга каршы күрөштө АКШнын союздашы экенин белгиледи. Бул тууралуу ал Твиттерге жазды.

«Эгер күрттөргө чабуул жасаса, анда биз Түркияны экономикалык жактан жок кылабыз. Ошол эле маалда күрттөргө өз аракеттери менен Түркияга, Орусияга, Иранга же Сирияга карата чагымчылдык кылбашы керектигин эскертем», — деп жазды ал.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Эрдоган америкалык аскерлердин Сириядан чыгарылышын АКШнын союздаштары эсептелген күрт топторуна чабуул жасабоо боюнча Анкаранын убадасы менен байланыштырган Трамптын жардамчысы жон Болтонду катуу сынга алган.

12-январда Reuters агенттиги Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясына танктар менен брондолгон унаалар жеткирилгенин билдирген. Түркиянын Коопсуздук кызматы бул тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Ошол эле маалда мекеме Сирия аймагында аскердик операцияга даярдыктар көрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке каккан жок.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52