Ысык-Көлдө көрүстөндөгү вандализм иликтенүүдө
Кладбище в Ананьево
Ананьево айылындагы православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү тергөө тобун түзүп, иликтөө иштерин баштады.
Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы 11-январда белгилүү болгон. Алгачкы болжолдуу маалыматтарга караганда, Ананьево айылына караштуу көрүстөндө токсонго жакын эстелик талкаланып, кресттер сындырылган.
Бул көрүнүш маркум жакындары жаткан жергиликтүү тургундарды айрыкча дендароо кылды. Алардын бири Александр мындай жорукту ашынган бейбаштар жасады деп шектенип турат.
- Бул кадимки эле вандализм, муну кылган адамдар акылынан айныган. Себеби акыл-эстүү адам мындайга барбайт болчу. Бул иште эч кандай улут аралык кастык жок, - деди ал.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо фактысы боюнча тергөө тобу түзүлүп, иштеп жатат. Бирок шектүүлөр табыла элек. Мекеменин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов бул кылмыш боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди:
Бул факты Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Жоруктар жөнүндө кодекстин 131-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Азыр бул факты боюнча бардыгы катталып, тийиштүү кызматтарга муну кылган адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча тергөө тапшырылган.
Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев, райондук милициянын жетекчиси Нургазы Увалиев 12-январь күнү Ананьево айылынын тургундары менен жолугушту. Райондун акими күнөөлүүлөрдү табууга колдон келишинче аракет көрүлөрүнө убада берди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эстеликтерди талкалагандарды эртерээк таап, жазалоону ишемби күнү жергиликтүү бийликке тапшырды.
Ананьево - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы көп улуттуу ири айыл өкмөттөрүнүн бири. 14 миңден ашык калкы бар. Алардын 2500дөн ашыгы славян улутундагылар.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53