KELECHEK
rek

Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып берди

Шинжаңга барып келген казак дипломаты андагы лагерлер жөнүндө айтып берди

Үрүмчү институтундагы студенттер. 3-январь, 2019-жыл

Кытайдын Шинжаң аймагына барып келген казак элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазов андагы саясий кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу айтып берди.

«Ал жактагы студенттер үчүн түзүлгөн шарттар Кытай бийлиги өз жарандарына жакшы кам көрө турганынан кабар берип турат. Анда аларга жаңы кесиптерге үйрөнүүгө бардык шарттар каралган», — деди Кабазиев Кытайдын CCTV телеканалына берген интервьюсунда.

Казакстандын Кытайдагы элчисинин кеңешчиси Манарбек Кабазиев CCTV телеканалына интервью берүүдө.

Малайзиянын Кытайдагы элчилигинин өкүлү Мохаммед Хосни Шахиран Исмаил Шинжаңдагы лагерлер тууралуу ЖМКлардан окуп, аларды таптакыр башкача элестеткенин айтты. «Азыр бул борбордогу чыныгы жашоону көрдүм», — деди ал.

"Мында жайлуу, жакшы". 12 дипломаттын Шинжаңга сапары

Ооганстандын Кытайдагы элчилигинин кызматкери Саид Хабибурахман Хусинпур Шинжаңга баргандан кийин андагы лагерлер тууралуу пикири толук өзгөргөнүн билдирди. «Бул сапарга чейин мен көптөгөн кептерди уккам. Бирок абал таптакыр башкача экен. Борборлордо чынында эле баары жакшы. Анда тарбияланып жаткандар көптөгөн нерселерге үйрөнүшөт экен», — деди ал.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Шинжаңга барган 12 өлкөнүн дипломаттары аймактагы базарларда, мечиттерде жана окуу жайларда болуп кайтышкан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги казак дипломаттары аталган аймактагы лагерлерге барып келишкенин ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Айбек Смадияров элчилик кызматкери Үрүмчү, Кашкар жана Хотан шаарларында болуп, Шинжаң өкмөт башчысы Шохрат Закир менен жолукканын билдирди.

Кытай Шинжаңга Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чакырган эмес.

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму дипломаттардын бул сапарынан кийин атайын билдирүү таратты. Анда алар кытай бийлиги тарабынан уюштурулган сапарды «катуу көзөмөлдөнгөн сапар» деп аташкан.

Кытайдагы «саясий кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу алгачкы маалыматтар 2017-жылы апрелде пайда болгон. Анда азчылыкты түзгөн казак жана уйгур улутундагы адамдар туугандары кармалып, алар менен байланыша албай калышканын билдиришкен. Көп өтпөй эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Кытайда азчылыкты түзгөн улуттар кысымга кабылып жатышканын билдире башташкан.

Былтыр августта БУУ «ишенимдүү булактардын» маалыматы боюнча «кайра тарбиялоо лагерлери» деп аталган Шинжаңдагы борборлордо миллиондон ашык аз улут өкүлдөрү, анын ичинде мусулмандар күч менен кармалып турушу мүмкүндүгүн билдирген. Эл аралык уюмдар менен Батыш өлкөлөрү Пекинге кайрылып, өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүнү өтүнүшкөн. 7-январда Кытай ТИМи эгер «бардык эрежелер» сактала турган болсо, анда бийлик БУУнун өкүлдөрүн Шинжаңга киргизүүгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин Кытай бийлиги мындай борборлордун бар экендиги тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...