KELECHEK
rek

АКШ Дерипасканын компанияларын санкциялык тизмеден чыгарууга ниеттенүүдө

АКШ Дерипасканын компанияларын санкциялык тизмеден чыгарууга ниеттенүүдө

Стивен Мнучин

Вашингтон ишкер Олег Дерипаскага таандык En+, "Русал" жана "Евросибэнерго" компанияларын санкциялык тизмеден чыгарууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу АКШнын каржы министри Стивен Мнучин Конгресс өкүлдөрү менен болчу жабык жолугушуусунун алдында билдирди.

Ал Дерипасканын өзүнө каршы киргизилген санкциялар алынбай турганын белгиледи.

Мнучин АКШ Каржы министрлиги орусиялык компаниялар тарабынан милдеттенмелердин аткарылышы катуу көзөмөлдөнө турганын билдирди. Анын айтымында, эгер бардык шарттар аткарылбаса, анда санкциялар кайра калыбына келтирилиши мүмкүн.

Дерипаска менен анын көзөмөлүндөгү АКШда жайгашкан компанияларга каршы санкциялар былтыр апрелде киргизилген. Анда ишкердин Кремлге жакын экендиги белгиленген. Кийинчерээк Вашингтон эгер Дерипасканын үлүштөрү 45% аз болсо, анда санкцияларды алуу маселесин карап көрүүгө даяр экенин билдирген.

9-январда АКШ Конгрессинин жети комитетинин өкүлдөрү санкцияларды алууну токтото туруп, орусиялык компаниялар менен түзүлгөн келишимдердин шарттарын кайрадан карап чыгууга чакырышкан. Алар Дерипасканын үлүшү Кремлге байланышы бар башка адамдын жеке менчигине өтүп кетиши мүмкүн деп тынчсызданышууда.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52