KELECHEK

Жалал-Абад шаарынын мэри: “БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ КУРУЛУШТАРДЫН КӨЛӨМҮ ӨТКӨН ЖЫЛДАГЫДАН АЗ БОЛБОЙТ”

Жалал-Абад шаарынын мэри:  “БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛЫ КУРУЛУШТАРДЫН КӨЛӨМҮ  ӨТКӨН ЖЫЛДАГЫДАН АЗ БОЛБОЙТ”

Быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында капиталдык курулуштардын көлөмү өткөн жылдагыдан кем болбойт. Шаарды инфраструктуралык жаңыртуу багытында көлөмдүү иштер аткарылат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Шаар мэриясынан алынган маалыматтарга караганда, өткөн жылы Жалал-Абад шаарында жалпысынан 147 миллион сомдук инфраструктуралык жакшыртуу иштер жүрүп, анын баары жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Шаар тарыхында эмес, эгемен Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жер асты өтмөгү курулуп, пайдаланууга берилген. Шаардагы негизги деп эсептелген эки көчө кеңейтилип, ондогон тротуарлар курулган. Ондогон көчөлөргө асфальт басылып, жаңы мектеп эшигин ачса, бир катар балдар бакчаларына, медициналык мекемелерге кошумча имараттар, мектепке спорт залы камсыздалган.

- Биз быйылкы жылы шаарды инфраструктуралык жактан жаңыртуу иштерин өткөн жылдагы көлөмдөн азайтпайбыз, жаңы имараттар курулат, көчөлөр кеңейтилет, борбордук көчөгө дагы бир жер асты өтмөгүн курабыз. Курула турган тротуарлар бар, ушунун баары жергиликтүү бюджет аркылуу аткарылат,  - деди шаар мэри М.Тагаев.

Эскерте кетсек, союз мезгилинде 40-50 миң кишиге ылайыкталып курулган Жалал-Абад шаарында азыркы кезде расмий 120 миңдей, ар кандай маалыматтарга караганда 170 миңден ашуун киши жашайт. Учурда шаардык инфраструктураны жаңы шарттарга ылайыктоо зарылдыгы курч. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өкмөт ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат

Өкмөт ички каттамдар үчүн эки учак сатып алат

Кыргыз өкмөтү ички каттамдар...

ЭКОНОМИКА 2019-01-22  22:39

Эл аралык донорлор Тажикстандын бюджеттик программасын колдоону...

Эл аралык донорлор Тажикстандын бюджеттик программасын колдоону...

Архивдик сүрөт

Эл аралык каржы институттары...

ЭКОНОМИКА 2019-01-21  11:21

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

Тажикстанда интернет кымбатташы мүмкүн

Тажик бийлиги эл аралык интернет-трафиктин баасын жогорулатуу менен бюджеттин кирешесин...

ЭКОНОМИКА 2019-01-18  03:03

Тажик салыкчылары мессенжер аркылуу чалуунун тарифин көтөрүүнү талап...

Тажик салыкчылары мессенжер аркылуу чалуунун тарифин көтөрүүнү талап...

Тажикстан салык комитети мобилдик байланыш операторлорунан мессенжер аркылуу чалуунун тарифин...

ЭКОНОМИКА 2019-01-17  15:09

Өзбекстан Кыргызстанга жүктөрдүн бардык түрүн ташуу үчүн...

Өзбекстан Кыргызстанга жүктөрдүн бардык түрүн ташуу үчүн...

Ташкентте «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы менен «Узбекистон темир йуллари»...

ЭКОНОМИКА 2019-01-16  17:44

Жалал-Абадда өткөн жылы 362 миллион 374 миң жүргүнчү ташылган

Жалал-Абадда өткөн жылы 362 миллион 374 миң жүргүнчү ташылган

Жалал-Абадда коомдук унааларда жүргүнчүлөрдү тейлөө жыл сайын жакшырып баратат. Бул тууралуу шаар...

ЭКОНОМИКА 2019-01-15  19:10

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот пайда болот

Өзбекстанда 100 миң сумдук банкнот пайда болот

Учурда Өзбекстанда колдонуудагы эң чоң банкнот 50 миң сум.

Өзбекстанда «Нооруз»...

ЭКОНОМИКА 2019-01-12  17:08