KELECHEK

Июнь айында Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммити өткөрүлөт

Июнь айында Кыргызстанда ШКУга мүчө мамлекеттердин Саммити өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда 2019-жылдын июнь айында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Кеңешин уюштуруу маселеси боюнча жыйын өткөрдү..

Ал 2018-жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде Уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн эске салды.

«Биз ШКУну өз ара ишенимге негизделген кызматташууну өркүндөтүүчү аянтча катары көрөбүз. ШКУнун кадыр-баркы жыл өткөн сайын бекемделүүдө. Ага мүчө мамлекеттердин ынтымагы, ишенимдүү өнөктөштүгү жана бири-бирине болгон сый-урматы — бул Уюмдун негизи», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Саммитти өткөрүү максатында жасалган иштер, пландалып жаткан чаралар боюнча Уюштуруу комитетинин төрагасы, КР Президентинин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат беришти.

Бүгүнкү күндө тиешелүү министрликтерде жана ведомстволордо бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, атап айтсак, ШКУга мүчө мамлекеттердин юстиция министрликтеринин, айыл чарба министрликтердин, Эсеп палаталарынын, Регионалдык террорго каршы кызматташтык Кеңештин, Чек ара кызмат башчылардын кеңешинин отурумдары болду.

Алдыда дагы Коопсуздук кеңештин катчыларынын, тышкы иштер жана коргоо министрлеринин кезектеги отурумдары, ШКУ медиа-саммити, көркөм көргөзмөсү, Эл аралык марафон, ШКУ Бизнес-форуму сыяктуу маанилүү иш-чараларды өткөрүү милдети турат.

Башкы иш-чара — ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешин 2019-жылдын 14-15-июнь күндөрү өткөрүү пландалып жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жыл ШКУнун эгидасы алдында өтөөрүн жана ШКУ Саммитинин алкагында пландалып жаткан иш-чаралардын бардыгы Кыргызстан үчүн маанилүү окуя экенин белгилеп, каралчу маселелерди мазмундуу, жогорку деңгээлде даярдоону тапшырды.

Ал ШКУнун мындан аркы беделинин бекемделишине жана эл аралык аренада кадыр-баркынын өсүшүнө салым кошуу, терроризм, экстремизм, баңги заттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтүү, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык кызматташууну андан ары тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуу улуттук жыйынын...

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын Улуу улуттук жыйынын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-январда Түркия Республикасынын Улуу...

CАЯСАТ 2019-01-22  03:54

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо иштери аяктады

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо иштери аяктады

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан менен чек араны демаркациялоо тууралуу макулдашууну...

CАЯСАТ 2019-01-18  10:45

ЕАЭБ алкагында өлкөгө Орусиядан аскердик-техникалык жардам келди

ЕАЭБ алкагында өлкөгө Орусиядан аскердик-техникалык жардам келди

15-январда Бишкекте Орусиядан келген аскердик-техникалык жардамдары тапшыруу аземи...

CАЯСАТ 2019-01-14  13:16

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция...

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин Төрагасы жана фракция...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-январда Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2019-01-14  14:10

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана...

2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланат. Бул тууралуу...

CАЯСАТ 2019-01-10  10:07

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну...

«Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт», — деп белгиледи Кыргыз...

CАЯСАТ 2019-01-10  10:09

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жаӊы 2019-жылды аруу тилек, илгери үмүт,...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Жаӊы 2019-жылды аруу тилек, илгери үмүт,...

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырман...

CАЯСАТ 2019-01-01  02:42