KELECHEK

Паспорттордун дүйнөлүк рейтингинде Түркмөнстан 85-орунга жайгашты

Паспорттордун дүйнөлүк рейтингинде Түркмөнстан 85-орунга жайгашты

Henley & Partners консалтинг компаниясы тарабынан түзүлгөн паспорттордун эл аралык рейтингинде Түркмөнстан 85чи, Өзбекстан менен Тажикстан 80чи, Казакстан 67чи жана Кыргызстан 76-орунга жайгашты.

Тизменин сап башына Жапония жазылган. Бул өлкөнүн жарандары дүйнөнүн 190 мамлекетине визасыз бара алышат.

Экинчи орундагы Сингапур менен Түштүк Кореянын жарандары 189, үчүнчү орундагы Германия менен Франциянын жарандары 188 өлкөгө визасыз кире алышат.

Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Балтика өлкөлөрү алдыда.

  • 11-орунга жайгашкан Литва жана Латвиянын жарандары 180 өлкөгө визасыз кире алышат. Эстония 12-орунда, анын жарандары 179 өлкөгө визасыз барышат.
  • Украин паспортун алып жүргөндөр 128 өлкөгө визасыз бара алышат. Бул рейтингде Украина 41-орунга жайгашкан.
  • 46-орунга жайгашкан Молдова жарандары 122 өлкөгө визасыз баруу укугуна ээ.
  • Орусия – 48-орунда. Орусиялыктар 119 өлкөгө визасыз бара алышат.
  • 51-орунга Грузия жайгашкан. Бул өлкөнүн жарандары 114 өлкөгө визасыз барышат.
  • Беларус паспортунун ээлери 77 өлкөгө визасыз кире алышат. Өлкө рейтингде 66-орунга жайгашкан.
  • Кийинки орунда жайгашкан Казакстандын жарандары 76 өлкөгө визасыз киришет.
  • 74-орунга Азербайжан жазылган. Бул өлкөнүн паспортун алып жүргөн жарандар 74 мамлекетке визасыз барышат.
  • Кыргызстан – 76-орунда. Кыргызстандыктар 64 өлкөгө визасыз баруу укугуна ээ.
  • Армения 79-орунда, бул өлкөнүн жарандары 61 мамлекетке визасыз бара алышат.
  • 80-орунга жайгашкан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары 58 өлкөгө визасыз барышат.
  • Түркмөнстан рейтингде 85-орунда. Өлкө жарандары 53 өлкөгө визасыз киришет.

Жалпы рейтингдин акыркы сабына Ооганстан менен Ирак жазылган. Бул өлкөнүн жарандары 30 мамлекетке визасыз кире алышат.

Henley & Partners компаниясы белгилегендей, паспорттордун индекси жарандардын эркин саякаттоосу боюнча алгачкы эл аралык рейтинг болуп эсептелет. Ал өлкөлөрдүн дүйнөлүк аренадагы эл аралык мамилелерин жана макамын көрсөтүп турат. 2018-жылдан бери паспорттордун рейтинги жылына бир нече жолудан жаңыланып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу...

“Манас” эпосундагы каармандардын атын ичкиликке коюуга тыюу салуу...

“Манас” эпосундагы каармандардын атын алкоголдук ичимдиктерге коюуга тыюу салган мыйзам...

УКУК 2019-01-22  21:50

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге каршы иш козгоду

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге каршы иш козгоду

Роскомнадзор Фейсбук менен Твиттерге  карата административдик иш козгоду. Аталган социалдык...

УКУК 2019-01-22  22:03

Казакстан Сириядагы жарандарын кайтаруу операциясын улантат

Казакстан Сириядагы жарандарын кайтаруу операциясын улантат

Казакстан Тышкы иштер министрлиги менен башка компетенттүү органдар Сириядагы...

УКУК 2019-01-22  22:06

Иракта соттолгон тажик аялдар балдарынын мекенине кайтарылышына...

Иракта соттолгон тажик аялдар балдарынын мекенине кайтарылышына...

Ирак сотундагы тажик аялдар

Иракта соттолгон тажик аялдардын айрымдары балдарынын мекенине...

УКУК 2019-01-22  22:53

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам...

Парламент мигранттар үчүн талаптарды катаалдата турган мыйзам...

Парламент чет өлкөлүк мигранттар үчүн талаптарды...

УКУК 2019-01-18  01:36

Денис Тенди өлтүргөндөр 18 жылга соттолду

Денис Тенди өлтүргөндөр 18 жылга соттолду

Алматынын район аралык соту белгилүү көркөм...

УКУК 2019-01-18  10:48

Денис Тендин апасы уулунун өлүмүн кайра иликтөөнү талап кылууда

Денис Тендин апасы уулунун өлүмүн кайра иликтөөнү талап кылууда

Алматыда көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин...

УКУК 2019-01-17  15:00