KELECHEK

Астана: эки миңдей казак улутундагы адамдын Шинжаңдан чыгуусуна уруксат берилди

Астана: эки миңдей казак улутундагы адамдын Шинжаңдан чыгуусуна уруксат берилди

Казакстан ТИМ имараты

Казакстан бийлиги Пекин эки миңден ашуун казак улутундагы адамга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөнүн Шинжаң аймагынан чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирди. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Пекин “окутуп-тарбиялоочу борбор" деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму да өз булактарына таянып билдирген.

Мындай жайга отуруп чыккандар аларды бийлик өз маданиятынан жана ишенимдеринин баш тартууга мажбурлап, идеологиялык сабактарды окутканын айтып беришкен.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 9-январдагы билдирүүсү Пекин эки миң казакка Кытайдан чыгып кетүүгө уруксат бергендиги тууралуу декабрда маалымат каражаттарына чыгып кеткен маалыматтарды ырастады. Мекеменин билдирүүсүндө кытайлык казактар Казакстанга келгенден кийин казак жарандыгын же туруктуу жашоого уруксат алуу укугуна ээ боло тургандыктары жазылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация...

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация...

Жеа Сантоваско уулу Жей Остин менен. Архив сүрөт

Жеа Сантоваско теракттын алдын албаганы...

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан»...

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан»...

Кытайдагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун төрагасы Шохрат Закир...

Орусиялыктар Кыргызстан жана Тажикстан жашоочуларына салыштырмалуу...

Орусиялыктар Кыргызстан жана Тажикстан жашоочуларына салыштырмалуу...

Орусия жарандары үчүн карылык 59 жашта келет. Бул курак Тажикстан,...

Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө...

Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө...

Британиянын The Guardian басылмасы Өзбекстандын туңгуч президентинин...

Өзбекстанда Башкы прокуратура Гүлнара Каримованын өлгөнүн төгүндөдү

Өзбекстанда Башкы прокуратура Гүлнара Каримованын өлгөнүн төгүндөдү

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын...