KELECHEK
rek

Орусиянын ракетага каршы коргонуу спутниги атмосферада өрттөнүп кетти

Орусиянын ракетага каршы коргонуу спутниги атмосферада өрттөнүп кетти

Плесецк космодромундагы аскердик спутникти учурууга даярдык көрүү учуру (иллюстрациялык сүрөт)

Орусиянын ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу «Око» системасына кирген «Космос-2430» аттуу спутниги атмосферада күйүп кетти. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түндүк Американын абадан-космостон коргонуу командачылыгынын (NORAD) маалыматына таянуу менен жазды.

NORADдын маалыматына караганда, спутник орбитадан чыгып, жараксыз абалга келген. Анын күйүп кеткен бөлүктөрү Тынч океандын үстүнө түшүшү мүмкүн экендиги айтылды.

Жекшембиде «Radio New Zealand» радиосу өз сайтында Жаңы Зеландиянын түндүк облустарынынын үстүндө асманда бир нече мүнөт бою жанып турган объект байкалганын билдирген. Анын Орусиянын аскердик спутнигинин бөлүктөрү болушу мүмкүндүгү айтылып, объекттин сүрөттөрү социалдык түйүн колдонуучулары тарабынан интернетке жайгаштырылган.

«Космос-2430» орбитага 2007-жылы октябрда Орусиянын Плесецк космодромунан учурулган. “Интерфакс” билдиргендей, ал 2012-жылга чейин пландалгандай иштеп келген.

Учурда Орусия ракеталык чабуулдарды эскертип туруучу жаңы системасын ишке киргизгени турат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...