KELECHEK

Карагандыдагы мушташка шектүү Нарек Гурурян кармалды

Карагандыдагы мушташка шектүү Нарек Гурурян кармалды

Нарек Гурурян

Карагандыдагы мушташка катышты деп шектелип, эл аралык издөөгө алынган Нарек Гурурян кармалды. Ал 23 жаштагы кишини өлтүрүүгө айыпталууда.

Казакстан ички иштер министрлиги билдиргендей, Армения жараны Нарек Гурурян Орусиянын Омск облусунда кармалган. Учурда аны Казакстанга алып келүү иштери жүрүүдө.

7-январда Интернетте Гуруряндын видео кайрылуусу пайда болуп, ал “мушташкандар арасында болгонун, бирок киши өлтүрбөгөнүн” айткан.

Карагандыда Жаңы жыл түнү Гурурян жана башка 8 кишинин катышуусундагы мушташтан бир киши мерт болгон. Бул окуя армян-казак мамилелерине доо кетирип коё жаздаган.

6-январда Карагандыда жүздөгөн адам көчөөгө чыгып, окуяны калыс иликтөөнү талап кылышкан. Райондун акими Ерлан Кошанов “шектүү эки-үч күндүн ичинде кармаларын” убада кылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казак чек арачылары суукта калган беш өзбек жаранын куткарды

Казак чек арачылары суукта калган беш өзбек жаранын куткарды

Казак чек арачылары мамлекеттик чек ара аркылуу мыйзамсыз өтүп...

Ферганада түрттүрүлө турган үйдүн тургуну жүрөгү кармап каза болду

Ферганада түрттүрүлө турган үйдүн тургуну жүрөгү кармап каза болду

19-январда Фергананын борборундагы бузулуп жаткан үйдүн 44 жаштагы...

Чыгыш Казакстанда аба ырайына байланыштуу 400 адам жолдо калды

Чыгыш Казакстанда аба ырайына байланыштуу 400 адам жолдо калды

20-январда катуу бороондун айынан Чыгыш Казакстан облусунун Үржар районундагы...

Тажикстанда Душанбе-Чанак унаа жолу жабылды

Тажикстанда Душанбе-Чанак унаа жолу жабылды

Тажикстанда калың жааган кардан улам Душанбе-Чанак унаа жолу убактылуу жабылды. Бул...

Ташкентте Дипломатия университетинин студенти асынып алды

Ташкентте Дипломатия университетинин студенти асынып алды

Ташкент шаарындагы наабайканалардын биринен...

Шымкентте 9 жашар кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шымкентте 9 жашар кызды зордуктоого шектелген киши кармалды

Шымкент шаарында 9 жашар кызды зордуктоого шектелген Алматы калаасынын тургуну кармалды. Бул тууралуу...