KELECHEK

Өзбекстанда чет паспортторду алууда узун кезек жаралууда

Өзбекстанда чет паспортторду алууда узун кезек жаралууда

Өзбекстанда чет өлкөгө чыгуу үчүн паспортторду алуу — узун кезек жана түртүшүүлөр менен коштолууда.

Стикерлердин ордуна эл аралык паспортторду алуу үчүн документерди кабыл алуу 4-январда башталган.

Чет өлкөгө чыгууну каалагандар 1-январдан тарта 10 жылдык мөөнөткө берилчү паспортторду алышы керек.

Учурда Өзбекстандын Миграция жана жарандыкты каттоо башкармалыгы көңүл борборунда. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары башкармалыктын Самарканд, Гүлистан, Ургенч жана Термез шаарындагы кезекке турууларды сүрөткө тартып, Интернетке жүктөшүүдө.

Самарканддык Бахшулло Арипов чет паспорт алуу үчүн таңкы саат алтыда келип, 169-кезекке турган. “70 киши талон алды, калгандарына эртең келгиле дешти. Кишилер документ тапшыруу үчүн бир күн мурда келип, ушул жерде түнөшүүдө”, - деди ал.

Өзбекстандын башка шаарларында да абал ушундай. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги эл аралык паспорт алуудагы ажиотаж тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин башка мамлекетке барчу кишилерге "өлкөдөн чыгуу визасы" берилип, биометрикалык ички паспорттун бир барагына атайын стикер жабыштырылчу.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Түлеев шайлоо алдында Атамбаевге 500 миң доллар карыз бергенин билдирди

Түлеев шайлоо алдында Атамбаевге 500 миң доллар карыз бергенин билдирди

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев экс-президент Алмазбек Атамбаевге шайлоо...

КООМ 2019-06-19  09:52

Орозбек Опумбаев Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы болуп...

Орозбек Опумбаев Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы болуп...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Опумбаев Орозбек...

КООМ 2019-06-19  11:07

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда

Жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго чейин жардам берүү сунушталууда

Өкмөт «Жакыр жашаган жана аз камсыз болгон...

КООМ 2019-06-18  13:16

Казакстанда 273 миң үй-бүлө даректүү социалдык жардам алды

КООМ 2019-06-18  13:23

Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге аэропорттордун...

Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге аэропорттордун...

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге...

КООМ 2019-06-18  14:04

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн...

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Бишкектеги Саммитин 500дөн...

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган...

КООМ 2019-06-14  11:42

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи...

Президент Сооронбай Жээнбеков КЭР Төрагасы Си Цзиньпинге биринчи...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын...

КООМ 2019-06-13  17:55