KELECHEK
rek

Аракка каршы аракет Кара-Бүргөнгө жетти

Аракка каршы аракет Кара-Бүргөнгө жетти

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айылынын тургундары кайрадан арак-шарап сатууга тыюу салганы жатышат. Мындан үч жыл мурда айыл өкмөт, айылдык кеңеш демилге көтөрүп, "айылда спирт ичимдиктери сатылбасын" деген чечим кабыл алышкан, бирок ал жыйынтык берген эмес.

Эми айыл жаштары кайра демилге көтөрүп, алардын басымы менен айылдагы дүкөнчүлөр ичимдиктерин алган жерине өткөрүп берүүгө аргасыз болду. Жаштардын мындай аракети айылда ар кандай кабылданып жатат.

Кара-Бүргөн айылында 1-январдан бери арак-шарап сатыла элек. Демилгечилердин көз карашында, айылда спирт ичимдиги сатылбай калса эле аракечтик азайып, ыйман-ынсап орночудай.

Демилгечилердин бири ​Чолпонбек Кубатбек уулу мындай деди:

- Алкоголь азыркы учурда бизге жоо болуп турат. Жаштар арасында ичип, бузулуп кеткендер көп. Ичкен эже-карындаштарыбыз, апаларыбыз бар, ошолор токтойт эле. Ар кандай шылтоолор да тыйылмак. Айылда да тынчтык орноп, шайтандын жолуна бөгөт болот. Эми азыркы учурда демилгени айыл эли колдоп жатат, каршы чыккандар деле жок экен.​

Чолпонбектин айтымында, алар бир ай мурда спирт ичимдиктерин саттырбоо тууралуу чечимди айылдагы соодагерлерге түшүндүрүп, эскертишкен.

Алардын мындай кадамын айыл өкмөттүн башчысы, айылдык кеңештин депутаттары колдоп берген.

Кайрадан кайтарылган спирт ичимдиктеринин баасы 150 миң сомдун тегерегинде болгон. Алынган товарды кайра кайтарууда баасы төмөндөп, соодагерлер ортодо 60 миң сомдой чыгым тарткан. "Алардын чыгымын төлөп беребиз" деген жаштар ыктыярчы демөөрчүлөргө кайрылып, акча чогултуу менен алек.

Демилгени сындаган соодагерлер да бар. Алардын бири - Алтынке Калназарова жаштардын иш-аракети адам укуктарын бузуп жатат деген ойдо. Ал буга чейин деле ушундай кадамдар жасалып, бирок жыйынтыксыз болуп келгенин айтты:

- Чындыгында биздин укугубузду тебелеп жатышат. Мунун артын ойлонушкан жок. Эми жаштар демилге көтөрүп жаткандан кийин биз да колдоп коелу дедик. Ушул бойдон калыстык болуп, сатылбай калса мейли. Мен айттым жакшы эле, "азыр демократия, каалагандай сатып, каалагандай өз оокатыбызды кылып жатабыз, бизди мамлекет багып жатпагандан кийин" дедим. Эптеп өз чай-чамегибизди таап жаттык эле да.

Алтынке Калназарова бул маселеде айыл өкмөттүн жергиликтүү имамдар менен биригип алып жүргүзгөн үгүтүнө таң калганын жашырган жок:

- Айыл өкмөт башчы “эже, колдоп коюңуз, баш ийбегендер менен сүйлөшүп жатабыз. "Ошол үйлөрдөн сөөк чыкса, мүрзөсүн казып бербейбиз деп сүйлөштүк, батага барбайбыз, жаназасын окубайбыз" деп айттык” деди. Мен муну айыл өкмөтүнүн башчысынан күткөн эмесмин, минтип айтканы туура эмес.

Ал эми айыл өкмөтүнүн башчы Нурбек Соодонбеков "бул иш эч кыйноосуз, түшүндүрүү иштеринин негизинде болуп жатат" деди.

Белгилей кетсек, мындай демилге мындан үч жыл мурун да көтөрүлүп, бирок бир-эки айлык тыныгуудан кийин соодагерлер кайра мурдагыдай эле спирт ичимдиктерин сата башташкан.

Арак-шарабы тыйылып жаткан Кара-Бүргөн айылында 600дөй түтүн бар, 3 миңдей адам жашайт.

Кыргызстандын көптөгөн айылдарында динчил адамдардын демилгеси менен арак-шарап сатууга тыюу салынып жүрөт.

Буга чейин Нарын жана Ош облустарында дүкөндө турган ичимдиктерди сатып алып, айылдын четине алып барып талкалагандар болгон. Бул көрүнүш коомчулукта ар кандай кабылданууда. Айрым адистер мындай тыюу салуу аракечтикти азайтпасын жана ишкерлерге бут тосорун айтып келатышат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13