KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт

«Кытай менен мамилени бузууну каалагандардын аракети ишке ашпайт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Жолугушууда Сокулук районунун жергиликтүү жашоочусу 7-январда Бишкек шаарынын Борбордук аянтында Кытай тарапка каршы өткөн митингди эске салып, ири экономикалык өнөктөш — Кытай Эл Республикасы менен мамилени бузуп салбайбы деген тынчсыздануусун билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга макулдашууларга ылайык кредит-гранттарды берип жатканын, ал эми алар берип жаткан каражат кандай иштетилип жаткандыгы — бул мамлекеттин ички маселеси экенин белгиледи.

«Проблема биздеги мамлекеттик бийликте отургандарда болуп жатат. Биз менен кызматташып жаткан, жардам берип жаткан Кытай тарапка биз рахмат айтышыбыз керек. Саясатташтырып, эл аралык мамилелерди бузгусу келип, стабилдүүлүккө доо кетиргиси келгендер ким экендиги, алардын аракети көзөмөлдө. Мыйзамдын чегинде жоопко тартылат. Бийлик, мыйзам иштейт. Уурдабасак, элибизге каршы аракет кылбасак, корко турган эч нерсебиз жок. Баарына чара көрөбүз, кабатыр болбогула. Маселе көзөмөлдө. Органдар иштеп жатат, иштебегендер, тартип бузууга жол бергендер жооп берет», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти...

CАЯСАТ 2019-06-19  11:10

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ Саммитинин, КЭР, Индия жана...

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ Саммитинин, КЭР, Индия жана...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда, тышкы иштер министри Чынгыз...

CАЯСАТ 2019-06-18  13:58

Жээнбеков Тажикстандагы саммитте уран маселесин көтөрдү

Жээнбеков Тажикстандагы саммитте уран маселесин көтөрдү

15-июнда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү...

CАЯСАТ 2019-06-17  13:14

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль...

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-июнда, Тажикстандын Душанбе шаарында...

CАЯСАТ 2019-06-17  13:52

Президент Сооронбай Жээнбеков: Байыркы мезгилде негизделген достук...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Байыркы мезгилде негизделген достук...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-июнда Кытай Эл Республикасынын...

CАЯСАТ 2019-06-13  17:50

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат...

Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Президенти Шавкат...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13- июнда, Кыргызстанга Шанхай...

CАЯСАТ 2019-06-13  18:23

Жээнбеков: Улуттук азчылыктар боюнча маселе - Кытайдын ички иши

Жээнбеков: Улуттук азчылыктар боюнча маселе - Кытайдын ички иши

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си...

CАЯСАТ 2019-06-13  18:41