KELECHEK
rek

Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы комплекстин бөлүнүшүнө жергиликтүү тургундар нааразы

Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы комплекстин бөлүнүшүнө жергиликтүү тургундар нааразы

Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Сафаровка айылында комплекс болуп түптөлгөн Жоомарт Бөкөнбаев атындагы балдар үйүнүн бөлүнүшүнө жергиликтүү жашоочулар нааразычылык билдирип жатышат. Бул тууралуу Turmush. Kg сайты билдирди.

Аталган сайттын маалыматына караганда,  балдар үйүндө тарбияланып жаткан балдар 2018-жылдын окуу жылына чейин жакындарына таратылып, 20дай багар-көрөрү жок балдар өлкөнүн башка аймактарында жайгашкан балдар үйүнө которулган. Ал эми аталган жер 2018-жылдын сентябрь айында комплекс болуп түптөлгөн. Бирок арадан төрт ай өтпөй, аталган комплекс бөлүнүп жатканына тургундар нааразы болууда.

Нааразычылык акциясына чыккандардын бири Минавар Айдарова жакшы иш жүргүзүп келе жаткан комплексти бала бакча жана мектеп деп экиге бөлүп, бир имаратты эки жетекчи башкарышын туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, бала бакчага жетекчи болуп келе жаткан Кундуз Назарованын бир тууган иниси ЖКнын депутаты, аны район акими Эрмекбай Омошев калкалап жатат.

«Биздин айыл Багыш айыл өкмөтүндөгү калкынын саны жана аянты боюнча чоң айылдардын бири. Бирок ошондой болгону менен биздин айылда ФАП же бала бакча жок. Үйдө балдарыбыз ооруп калса жакын жайгашкан Октябрь айылындагы ооруканага алып барабыз. Мындан сырткары, айылда бала бакча жок болгондугуна байланыштуу өткөн жылы балдар үйүнүн бир корпусун атайын балдар бакчасына айландырып, бир имаратта бала бакча, мектеп окуучулары жана балдар үйүндө тарбияланган балдар окуп жатышкан. Айылдагы Ш.Базарбав атындагы мектептин имаратынын эскилиги жеткендиктен 2011-жылы ӨКМ авариялык абалда деген корутунду чыгарып, такыр окууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кийинчерээк 2013-жылы жарым-жартылай мына ушул имаратка көчтүк. Кийинчерээк оптимизация болот деген сөз болгондо район акими Эрмекбай Омошев "ушул мектеп силерге калат" деп элдин башын айландырды. Биздин жамаат анын сөзүнө ишенгенбиз. Ал эми быйылкы жылы аким кайрадан келип, быйыл комплекс бөлүнөт, мектеп өзүнчө, бакча өзүнчө болот, силерге жаңы мектеп курулат деп элге эки ача ойду айтып жатат. Анын үстүнө бала бакчага жаңы Кундуз Назарова деген жетекчи келген. Ал ЖКнын депутаты Айтмамат Назаровдун бир тууган эжеси экен. Бир имаратка эки жетекчинин кереги жок болчу, буга чейинки жетекчи жакшы эле иштеп жаткан. Биз ата-энелер комплекстин ушул бойдон калуусун, комплекстин балансындагы жерлер, балдар эс алуучу лагерлер бирөөнүн колуна барбасын деген максат менен чогулуштарды кылып, тиешелүү тараптарга кат жолдоп жатабыз», - дейт М.Айдарова.

10 жылдан ашуун убакыттан бери комплексте эмгектенген Калипа Жумаева жаңы жетекчи Кундуз Назарованын кызматка келишине комплекстин жамааты да каршы болуп жатканын айтат.

Маалыматка караганда, комплекстин карамагында 25.9 гектар сугат жер, 18.4 кайрак, 36 гектар чөп орок, 34 гектар жайыт, мал кармоочу сарай жана Кара-Алма токой чарбасынын ичинде эс алуу лагери бар. Сузактагы Ж.Бөкөнбаев атындагы балдар үйү 1922-1924-жылдары Кыргызстандын түштүгүндө биринчи болуп «Ликбез» сабатсыздыкты жоюу мектеби болуп уюштурулган. 1933-жылы «Ф.Э. Дзержинский атындагы балдар үйү» болуп өзгөртүлүп, ал убакта ата-энелери басмачылар тарабынан өлтүрүлгөн 90 жетим бала кабыл алынган.

Өткөн жылы Баткен, Ысык-Көл жана Жалал-Абаддагы балдар үйлөрү жоюлган.

Булак: Turmush.kg

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41