KELECHEK
rek

Бердымухамедов бир катар район жетекчилерин алмаштырды

Бердымухамедов бир катар район жетекчилерин алмаштырды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстанда бир катар район жетекчилери алмашты. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, Ахал облусунун Бахерден районунун былтыр Айыл жана суу чарба министри болуп дайындалган башчысы Аннагелди Язмырадовдун ордуна Аннаев Гурбанмухаммет дайындалды.

Мындан тышкары Дашөгүз облусунун Губадаг районунун акими кызматына Нуржанов Халжан, Лебап облусундагы Довлети районунун башчылыгына Гылыджов Батыр, Койтендаг районунун акими кызматына Аллакулыев Сохбет, Мары облусунун Мургаб районунун башчылыгына Агамырадов Агамырат дайындалды. Жарлыкта аталган райондордун мурдагы башчылары «ишиндеги кемчиликтери үчүн» кызматтан алынганы жазылган.

Түркмөнстан президенти министрлерди, облус жана район жетекчилерин, жогорку кызматтагы башка аткаминерлерди жана расмий маалымат каражаттардын башчыларын тез-тез алмаштырып турат. Анда көбүнчө алардын иштен алынышынын себеби катары «ишиндеги кемчиликтер» көрсөтүлүп келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...