KELECHEK

Жогорку Кеңештин жанында түкүргөн жаран түшүнүк кат жазды

Жогорку Кеңештин жанында түкүргөн жаран түшүнүк кат жазды

Ички иштер министри. Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңеш менен президенттик аппараттын имаратынын алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жаран Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 27 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Ал 8-январга караган түнү кармалып, түшүнүк кат жазды. Милициядан чыккан соң ал мындай кадамга элдин үнүн бийликке жеткирүү максатында барганын, мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин Интернетке Жогорку Кеңештин алдына келип түкүрүп, кылган жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан жарандын видеосу тараган.

Бишкек милициясы жаңы жылдан тартып күчүнө кирген кодекске ылайык (Жоруктар жөнүндө кодекс жана Бузуу жөнүндө кодекс) мындай жорук үчүн административдик жазага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарта турганын айткан.

Бузуу жөнүндө кодекстин 71-беренесине ылайык "таштандыны атайын каралган жерлерден башка жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" 5500 сом айыппул менен жазаланат.

Айрым Интернет колдонуучулар белгисиз жигиттин жоругун колдосо, башкалары аны адепсиздик катары сыпаттаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЖАЛАЛ-АБАДДА 40 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА 40 КАЗАН СҮМӨЛӨК КАЙНАТЫЛАТ

Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү Жалал-Абад шаарында сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Анда Курманбек...

КООМ 2019-03-15  05:09

Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

Тажикстандын аймактарында электр жарыгы өчүрүлүүдө

Акыркы эки жумадан бери Тажикстандын көпчүлүк...

КООМ 2019-03-15  05:42

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча мамлекеттер аралык...

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча мамлекеттер аралык...

Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөшүп,...

КООМ 2019-03-15  09:09

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы...

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: бир киши каза болуп, 20дан ашыгы...

13-мартта кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Кыргызстандын Ак-Сай айылынын...

КООМ 2019-03-14  16:43

Муфтият жума кутпаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду

Муфтият жума кутпаларын башка тилдерде айтууга чектөө койду

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана...

КООМ 2019-03-12  15:41

Түркмөнстанда президенттик белек катары аялдарга 17 доллардан берилет

Түркмөнстанда президенттик белек катары аялдарга 17 доллардан берилет

Түркмөн мамлекеттик телеканалынан көрсөтүлгөн...

КООМ 2019-03-07  19:50