KELECHEK
rek

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Тажикстанда эмчек рагынан жапа чеккендер көбөйүүдө

Медициналык иликтөөлөргө караганда, Тажикстанда эмчек рагы менен ооругандар көбөйүүдө.

Медицина илимдеринин доктору Самеъ Расулов, профессор Заррина Рофиева жана жаш окумуштуу Кошиф Расулов бул маселени 2006-жылдан 2016-жылга чейин иликтешкен. Алар эмчек рагы менен жабыркаган аялдардын саны жыл сайын бир пайызга өсүп жатканын аныкташкан. Эгер 2006-жылы бул илдет менен 229 аял ооруса, 2016-жылы расмий түрдө 467 учур катталган.

Тажикстанда 2016-жылы эмчек рагынан 312 аял көз жумган.

Иликтөөчүлөр Тажикстанда эмчек рагы кеңири таралган онкологиялык оорулардын ичинен жатын рагынан кийин эле экинчи орунда турарын белгилешүүдө. Онкологдор бул илдет жыл сайын жашарып бара жатканына тынчсызданышууда. Эгер мурда эмчек рагы 35 жана андан жогорку курактагы аялдарда учураса, азыркы тапта 25 жаштан өйдөкүлөр бул илдет менен жабыркашууда.

Иликтөөчүлөрдүн айтымында, 2006-2016-жылдары эмчек рагына 4 миңден ашуун аял кабылган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, 2018-жылы эмчек рагынан 627 миң аял каза болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38