KELECHEK

Пашинян Карагандыдагы мушташ боюнча пикирин билдирди

Пашинян Карагандыдагы мушташ боюнча пикирин билдирди

Армения премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян Карагандыда болгон окуяга байланыштуу өз оюн айтты. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы кабарлады.

“Маркумдардын жакындарына көңүл айтам жана бул окуяда улут аралык өңүт жок экенин баса белгилегим келет. Мага жеткен маалыматтар боюнча мушташкандар ар улуттун өкүлдөрү болгон, анын ичинде казак да бар экен. Бул жаңжалды улут аралык араздашуу деп айта албайм”, - деди ал.

7-январда Армениянын тышкы иштер министри да Карагандыдагы окуяга байланыштуу маалымат берген. Казакстан тышкы иштер министри Бейбит Атамкулов менен Армения тышкы иштер министри Зограб Мнацаканян телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

Жаңы жыл түнү Карагандыдагы ресторандардын биринде мушташ болуп, бир адам өлгөн, дагы үчөө жаракат алган. Бул окуяга байланыштуу жети киши кармалган. Дагы бир шектүү Нарек Гурурянга эл аралык издөө жарыяланган.

6-январда Карагандыда жүздөгөн адам кылмышкерлерди табууну талап кылып, митингге чыгышкан. Караганды облусунун акими Эрлан Кошанов издөө жумуштары жүрүп жатканын айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация...

Тажикстандагы теракттан мерт болгон велотуристтин энеси компенсация...

Жеа Сантоваско уулу Жей Остин менен. Архив сүрөт

Жеа Сантоваско теракттын алдын албаганы...

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан»...

Пекин «акырындык менен» Шинжаңдагы «кесипке үйрөтүү борборлорунан»...

Кытайдагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун төрагасы Шохрат Закир...

Орусиялыктар Кыргызстан жана Тажикстан жашоочуларына салыштырмалуу...

Орусиялыктар Кыргызстан жана Тажикстан жашоочуларына салыштырмалуу...

Орусия жарандары үчүн карылык 59 жашта келет. Бул курак Тажикстан,...

Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө...

Гүлнара Каримованын кызы апасынын үй камагындагы жашоосу жөнүндө...

Британиянын The Guardian басылмасы Өзбекстандын туңгуч президентинин...

Өзбекстанда Башкы прокуратура Гүлнара Каримованын өлгөнүн төгүндөдү

Өзбекстанда Башкы прокуратура Гүлнара Каримованын өлгөнүн төгүндөдү

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын...