KELECHEK
rek

Швецияда теракт пландоого шектүү кыргызстандык менен өзбекстандыктардын соту башталды

Швецияда теракт пландоого шектүү кыргызстандык менен өзбекстандыктардын соту башталды

Бахтиёр Умаров, Дэвид Идриссон, Атабек Абдуллаев (солдон оңго)

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобун каржылоого айыпталган, Швецияда жашаган алты өзбекстандык жана бир кыргызстандык жарандын соту башталды.

Борбор Азиядан келген үч киши мындан тышкары Швеция аймагында террордук акт пландоого күнөөлөнүүдө.

Стокгольмдогу алгачкы соттук отурум 7-январда өттү. Айыпталуучулар: Өзбекстан жарандары Акрамжон Эргашев, Бахтиёр Умаров, Гулом Тажиев, Шоахмад Махмудов, Дэвид Идриссон, андан тышкары кыргызстандык Атабек Абдуллаев ок өтпөс айнек тосмонун артында отурушту.

Абдуллаев, Идриссон жана Умаров Стокгольмдо терракт даярдоого да айыпталууда.

24 жаштан 46 жашка чейинки алты шектүү тең Швецияда мыйзамдуу түрдө жашаган. Алар айыптоолорду четке кагышууда.

Сот жараяны 11-февралга чейин уланат.

Айыпталуучулар Швеция соту өмүр бою эркинен ажыраткан өзбекстандык Рахмат Акилов менен байланышта болгон деп шектелүүдө. 40 жаштагы Акилов 2017-жылдын 7-апрелинде Стокгольмдо жүк ташуучу унаа менен элди тебелетип, соода борборунун имаратын сүзгөндөн кийин машинеси өрттөнүп кеткен. Кол салууда Швециянын үч, Британия менен Бельгиянын бирден жарандарынын өмүрү кыйылып, 15тен ашык киши жараланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53