KELECHEK

Хорезмде пахта терүү отряддарынын жетекчилери айлыктарын ала албай жатышат

Хорезмде пахта терүү отряддарынын жетекчилери айлыктарын ала албай жатышат

2018-жылы Өзбекстандын Хорезм облусунда адамдарды пахта теримге жөнөтүү менен алектенген 35 отряддын жетекчилери айлык акыларын ала албай жатышат. Бул тууралуу алар «Азаттыктын» өзбек кызматына билдиришкен.

Алардын айтымдарында, «Шовот Текстиль» ишканасынын жетекчилиги ортодо түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде дале болсо отряд жетекчилеринин айлыктарын төлөп бере элек.

«Биз 20-сентябрдан 10-ноябрга чейин пахта теримде жүрдүк. Келишимге ылайык, жыйналган 80 тонна пахта үчүн бизге 1,5 миллион сумдан (180 доллар), бул нормадан ашкан ар бир тонна үчүн 50 миң сумдан (6 доллар) төлөп берилиши керек эле. Жалпысынан ар бир отряд жетекчиси 2,3 миллион сумдан (240-360 доллар) айлык алышы керек болчу. Бирок биз дале болсо айлык ала элекпиз», — деди отряд жетекчилеринин бири.

Өткөн жылы сентябрда өлкөнүн премьер-министри Абдулла Ариповдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында өлкө боюнча пахта терүүчүлөрдүн 26,467 отряды түзүлүп, жалпысынан талаага 2 миллион 639 миң киши чыга турганы айтылган.

Ошондой эле анда пахта терүүчүлүлөр отряддарынын жетекчилеринин айлыгы 2 миллион сумдан (250 доллардан жогору) кем болбой турганы кабарланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта...

ЭКОНОМИКА 2019-03-12  16:13

Forbes: Казакстандык миллиардерлердин байлыгы көбөйдү

Forbes: Казакстандык миллиардерлердин байлыгы көбөйдү

Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине кирген Динара Кулибаева.

Казакстандык беш миллиардер...

ЭКОНОМИКА 2019-03-07  19:47

Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат

Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди...

ЭКОНОМИКА 2019-03-06  11:22

АКШ: Бакиевдер чыгарып кеткен активдер Кыргызстанга кайтарылды

АКШ: Бакиевдер чыгарып кеткен активдер Кыргызстанга кайтарылды

АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып...

ЭКОНОМИКА 2019-03-01  06:08

Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуш...

Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуш...

Казакстан Кыргызстандагы эки суу сактагычка видео...

ЭКОНОМИКА 2019-02-25  17:43