KELECHEK

Сейсмолог: Казакстанга сейсмикалык коопсуздук тууралуу мыйзам керек

Сейсмолог: Казакстанга сейсмикалык коопсуздук тууралуу мыйзам керек

Казакстан Сейсмология институнун директорунун орун басары Нурсарсен Узбеков

Казакстанда сейсмикалык коопсуздук тууралуу өзүнчө мыйзам кабыл алынышы керек. Бул тууралуу өлкөнүн Сейсмология институнун директорунун орун басары Нурсарсен Узбеков билдирди.

Анын айтымында, Казакстан аймагынын 40 пайызга жакын бөлүгү сейсмикалык жактан кооптуу болуп эсептелет.

«Буга чейин биз жер титирөө тобокелдиктери менен силкинүү күчүн баллдар менен эсептеп келгенбиз. Мындай иштер эки жылда бир аткарылып келет. Бул чет өлкөлүк инвесторлор үчүн шарттарды түзүп берүү жана инвестицияларды коргоо үчүн керек. 2015-жылы биз европалык стандарттарга ылайык тилкелерге бөлүнгөн картаны иштеп чыкканбыз. Бирок алар өтө майда болгондуктан, маалыматтарды алуу өтө кыйын. Ошондуктан азыр ар бир облус өз картасын иштеп чыгып жатышат. Бул үчүн мамлекет тарабынан тиешелүү нормативдик документтер даярдалган. Биз аларды 2021-жылга чейин иштеп чыгышыбыз керек», — деди Нурсарсен Узбеков.

Казакстан Илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институту негизинен илимий-иликтөө иштери менен алектенет. Мекеме менен кызматташкан Сейсмологиялык методикалык экспедиция уюмунун жалпы өлкө боюнча 63 станциясы бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Министр: Казакстандын окуу китептеринде кемчиликтер бар

Министр: Казакстандын окуу китептеринде кемчиликтер бар

Окуу китептеринде айрым кемчиликтер бар. Буга байланыштуу китептер басмаканага...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-03-06  12:26

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

«Себаттын» жетекчилиги бүтүрүүчүлөр жазган окуяларды текшерет

 «Сапат» (мурдагы «Себат») билим берүү мекемеси окуучуларга карата...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-25  17:59

Өзбекстанда мугалим таяк менен урган окуучунун колу сынган

Өзбекстанда мугалим таяк менен урган окуучунун колу сынган

Өзбекстандын Денау районунда география мугалими окуучулардын бирин таяк менен уруп, анын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-25  18:10

Ташкентте Ислам академиясы хиджапчан кызды окуудан чыгарды

Ташкентте Ислам академиясы хиджапчан кызды окуудан чыгарды

Ташкентте сот 19 жаштагы студент Луиза Муминжонованын Эл аралык ислам академиясынан чыгарылышын туура...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-22  18:01

Өзбекстанда окуучулардын мугалимдер тарабынан сабалышы текшерилет

Өзбекстанда окуучулардын мугалимдер тарабынан сабалышы текшерилет

Өзбекстандын Навои шаарындагы маданият мектебинин эки мугалимине окуучуларды жапырт...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-20  04:45

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков министр Гүлмира Кудайбердиева менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-февралда өлкөнүн билим берүү жана...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-15  07:11

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин орто окуу жайларына барды,...

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектин орто окуу жайларына барды,...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-02-07  11:54