KELECHEK

НАСА Рогозинди АКШга чакыруудан баш тартты

НАСА Рогозинди АКШга чакыруудан баш тартты

Брайденстайн (солдо) жана Рогозин

Америкалык НАСА космос агенттигинин бишчысы Жим Брайденстайн “Роскосмостун” жетекчиси Дмитрий Рогозиндин февралда АКШга пландалган сапарын жокко чыгарды. Буга чейин сапар “кийинкиге жылдырылганы” кабарланган.

Брайденстайн The Washington Post гезитине билдиргендей, “Роскосмос” менен кызматташууну сактап калуу үчүн былтыр күзүндө Рогозинди АКШга чакырган. Ал санкциялык тизмеде болгон. Болочоктогу сапар бир катар сенаторлор тарабынан сынга алынгандыктан, чечимди кайра карап чыгууга туура келген.

Демократ-сенетор Жин Шахин Рогозинди “Кремлдин кошуналарына каршы жүргүзгөн агрессиялык кампаниясынын архитекторлорунун бири" деп атады. Сенатордун пикиринде, Рогозин расистик, гомофобиялык жана антиамерикалык билдирүүлөрү менен белгилүү, анын Америкага болгон сапары өлкөгө коркунуч жаратат.

Дмитрий Рогозин санкциялык тизмеге вице-премьер кезинде илинген. Былтыр октябрда Брайденстайн Орусияга келген. Politico басылмасынын маалыматына караганда, ал Рогозинди НАСАнын башкы кеңсесине чакырган.

Орусия менен Американын мамилелери кескин начарлап кеткенине карабай, эки тарап тең космос багытында кызматташып келет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Москвада жүрүшкө чыккан 500дөн ашык киши кармалды

Москвада жүрүшкө чыккан 500дөн ашык киши кармалды

12-июнда Москвада маңзат таратууга айыпталып жаткан “Медузанын” журналисти...

Түркмөнстанда

Түркмөнстанда "Coca-Cola" компаниясы иштей элек

Түркмөнстанда "Coca-Cola" продукцияларын...

Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусиядан компромат алууга даяр

Трамп саясий атаандаштарына каршы Орусиядан компромат алууга даяр

АКШнын президенти Дональд Трамп

АКШнын президенти Дональд Трамп саясий атаандаштарына каршы...

WSJ: Ким Чен Ындын өлтүрүлгөн агасы ЦРУга маалымат берип турган болушу...

WSJ: Ким Чен Ындын өлтүрүлгөн агасы ЦРУга маалымат берип турган болушу...

Ким Чен Нам

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Малайзияда...

Орусия мекенине кайткан Кыргызстан, Казакстан жана Армения...

Орусия мекенине кайткан Кыргызстан, Казакстан жана Армения...

Орусия Евразия экономикалык биримдигине мүчө...

Ашхабаддагы мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш аскерге чакырылууда

Ашхабаддагы мектеп бүтүрүүчүлөрү шашылыш аскерге чакырылууда

Түркмөнстан (иллюстрациялык сүрөт)

Ашхабадда 18 жашка толгон мектеп...

Мирзиёевдин уулу, күйөө балдары жана небереси Дубай эмиринин...

Мирзиёевдин уулу, күйөө балдары жана небереси Дубай эмиринин...

Өзбекстан президентинин 10 жаштагы уулу Алишер Мирзиёев, эки...