KELECHEK

Түркмөнстан президентинин уулу жаңы кызматка дайындалды

Түркмөнстан президентинин уулу жаңы кызматка дайындалды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердар Бердымухамедовду Ахал облусунун башчысынын орун басары кызматына дайындады. Бул тууралуу 2-январда өлкөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары жазышты.

Бир жыл мурда өлкө башчысы өзүнүн жалгыз уулун тышкы иштер министринин орун басары кылып дайындаган. Ахал облусу Иран жана Ооганстан менен чектешет. Борбору Анеу шаары баш калаа Ашхабаддан болгону сегиз чакырым жерде жайгашкан.

Ошону менен катар Сердар Бердымухаммедов парламенттеги депуттаттык ордун да сактап калат. Ал 2016-жылдагы шайлоодо депутат болгон.

Айрым байкоочулар Бердымухаммедов уулун мураскерликке даярдап жатканын айтып жүрүшөт.

61 жаштагы Гурбангулы Бердымухаммедов Түркмөнстанда бийлик башына 2006-жылы келген. Анын бир уулу жана үч кызы бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Reuters: Ооганстандагы аскердик базага кол салуудан 126 киши өлдү

Reuters: Ооганстандагы аскердик базага кол салуудан 126 киши өлдү

Ооганстандын машыктыруучу аскердик комплексине "Талибан" тобунун...

Ферганада керамика чыгарган 200дөн ашык цех токтоп турат

Ферганада керамика чыгарган 200дөн ашык цех токтоп турат

Фергана облусунун Риштан районундагы 225 керамикалык өнөркананын...

Түркмөнстанда запастагы офицерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды

Түркмөнстанда запастагы офицерлердин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынды

Түркмөн армиясынын жоокерлери

Түркмөнстанда запастагы...

“Чек арасыз кабарчылар” Меркелди Өзбекстандагы сөз эркиндигине...

“Чек арасыз кабарчылар” Меркелди Өзбекстандагы сөз эркиндигине...

“Чек арасыз кабарчылар” укук коргоо уюму Германия канцлери Ангела Меркелге кайрылып,...

Өзбекстанда Ислам Каримовдун учагы сатылды

Өзбекстанда Ислам Каримовдун учагы сатылды

Өзбекстанда 1997-жылы өлкө жетекчилиги...

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

WSJ: АКШда Huawei компаниясына карата тергөө иштери башталды

АКШнын Федералдык прокуратурасы америкалык...