KELECHEK
rek

Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялады

Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыялады

Мындай чечим 18-декабрь күнү Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙгө мүчө өлкөлөрдүн Туруктуу Кеңешинин 36-олтурумунда бир добуштан кабыл алынды.

Ош шаарынын “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болууга толук татыктуу экендиги тууралуу эл аралык жыйында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов атайын доклад жасаганда айтып өтүштү. Бул сунуш Президент Сооронбай Жээнбеков менен да макулдашылган.

Эстафета Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго тапшырылды.

Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы бар экендиги, Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси 2000-жылы Кыргызстанда эл аралык деңгээлде расмий майрамдалгандыгы, шаардагы Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргендигин жана башка жагдайларды эске алынган.

ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлери Туруктуу Кеңештин 36-олтурумунда Ош шаары 2019-жылдагы “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деген таанымга ээ болуусун колдоп беришти. Эми жаңы жылдан баштап жыл бою ТҮРКСОЙ, Ош шаарынын мэриясы, маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте эл аралык иш-чаралар Ошто уюштурулат.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов ТРТ-Аваз телеканалына берген маегинде “Ош шаары 2019-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” долбоорунун ачылыш аземи март айында Нооруз майрамы менен биргеликте жогорку деңгээлде уюштурулат деп баса белгиледи.

ТҮРКСОЙ тарабынан буга чейин 2014-жыл – Токтогул Сатылганов жылы, 2016-жыл – Жусуп Баласагын жылы, 2018-жыл – Чыңгыз Айтматов жылы деп жарыяланган.

Демек, Кыргызстандын шаары биринчи жолу “Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп табылды. Бугай чейин ТҮРКСОЙ Түркиянын Кастамону, Казакстандын Түркстан, Түркмөнстандын Мары, Азербайжандын Шеки, Татарстандын Казань жана башка шаарларды Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыялаган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29