АКШ Москвада кармалган жаранын бошотууну талап кылды
Пол Уилан
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусиядан Москвада кармалган америкалык Пол Уиланды тез арада бошотууну талап кылды. Ал Вашингтон мындан тышкары АКШ жаранынын кармалышынын себептерин дагы билгиси келип жатканын белгиледи.
Уилан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан 28-декабрда кармалып, ага карата «Тыңчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер анын күнөөсү далилденсе 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Шаршембиде Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Уиланга америкалык консулдун жолугушуусуна уруксат берилгенин билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, 48 жаштагы Пол Уилан америкалык BorgWarner компаниясынын коопсуздук боюнча директору болуп иштейт. Компания автоунаа тетиктерин өндүрүү менен алектенет. Мындан тышкары Уиландын отставкадагы деңиз аскери экени кабарланууда. Ал Ирактагы согуштук өнөктүккө эки жолу катышып, АКШ куралдуу күчтөрүнөн уурулугу үчүн кетирилген.
Уиландын туугандары анын Чалгын кызматы менен байланышы бар экенин четке кагышууда. Алардын айтымдарында, ал Москвага досунун үйлөнүү тоюна катышуу үчүн барган. Мурдараак The Washington Post гезити кармалган адам орус тилинде сүйлөй ала турганын жана 2007-жылдан бери Орусияга байма-бай каттап келгенин жазган.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52