KELECHEK

Казакстанда кыргыз бажысына биргелешкен көзөмөл киргизүү сунушталууда

Казакстанда кыргыз бажысына биргелешкен көзөмөл киргизүү сунушталууда

Transparency Kazakhstan коомдук фондунун эксперттери Кыргызстандын бажы бекеттеринде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биргелешкен көзөмөлүн киргизүү керек деп эсептешет.

Фонддун казак өкмөт башчысына жолдогон катында 2020-жылы Кыргызстандын ЕАЭБдин бажы топтомундагы үлүшү 1,9 пайызды түзө турганын, бул өлкө тарабынан жөнөтүлүп жаткан суммадан кыйла аз экени белгиленген. Иш жүзүндө Казакстан, Орусия жана Беларус жеке бажы төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргызстанга демөөрчүлүк кылууда деп эсептешет эксперттер.

«Кыргызстан Кытай менен Түркиядан контрабандалык товарлардын эсебинен бажы төлөмдөрүнүн бир бөлүгүн жашырып келет. Дүйнөлүк соода уюмунун бажы статистикасы ортодо 3-4 эсе дал келбестик бар экенин көрсөттү. Бул албетте жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бажы топтомуна терс таасирин тийгизүүдө», - деп жазылган кайрылууда.

Буга чейин кыргызстандыктар өлкөнүн Бажы кызматын эң коррупциялашкан мамлекеттик орган деп аташкан.

Мурдараак Орусиянын Regnum агенттиги Кыргызстандын бажы статистикасы тууралуу материалдарды жарыялаган. Анда 20 жыл ичинде кыргыз бажысы Кытайдан өлкөгө 11,64 миллиард долларга товар алып келингенин каттаган. Ошол эле маалда Кытай бажысы Кыргызстанга 61,667 миллиард долларлык товар жөнөткөнүн ырастаган. Эки өлкөнүн бажы кызматтары көрсөткөн сандардын айырмасы 50 миллиард долларды түзгөн.

Кыргыз бийлиги сандардагы бул айырманы эсептөө ыкмасынын ар башка экендиги менен түшүндүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Президент Дүйнөлүк банктан колдоо сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта...

ЭКОНОМИКА 2019-03-12  16:13

Forbes: Казакстандык миллиардерлердин байлыгы көбөйдү

Forbes: Казакстандык миллиардерлердин байлыгы көбөйдү

Forbes журналынын миллиардерлер тизмесине кирген Динара Кулибаева.

Казакстандык беш миллиардер...

ЭКОНОМИКА 2019-03-07  19:47

Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат

Бакиевдер чыгарып кеткен активдерди кайтаруу боюнча иш жүрүп жатат

Башкы прокуратура мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда чыгарылып кеткен активдерди...

ЭКОНОМИКА 2019-03-06  11:22

АКШ: Бакиевдер чыгарып кеткен активдер Кыргызстанга кайтарылды

АКШ: Бакиевдер чыгарып кеткен активдер Кыргызстанга кайтарылды

АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев чыгарып...

ЭКОНОМИКА 2019-03-01  06:08

Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуш...

Казакстан Кыргызстандын суу сактагычтарына видеокамера коюуну сунуш...

Казакстан Кыргызстандагы эки суу сактагычка видео...

ЭКОНОМИКА 2019-02-25  17:43