KELECHEK
rek

Экс-президент Отунбаева мамлекет башчыдан Текебаевге ырайым берүүнү сурады

Экс-президент Отунбаева мамлекет башчыдан Текебаевге ырайым берүүнү сурады

Экс-президент Роза Отунбаева парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Ал Жогорку Кеңештеги фракция лидерлерин дагы бул демилгеге кошулууга үндөдү.

Кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду таратты.

Отунбаева “Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” мыйзам күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурагандарга гана ылайыкташылбаганын билдирди.

Мыйзамдагы беренелерге таянуу менен мурдагы президент өлкө башчы соттолгон киши жеке өтүнүч менен кайрылбаса да, ырайым кылууга укугу бар экенин белгилеген.

Отунбаеванын айтымында, мыйзамдагы 22-берене боюнча өтө оор кылмыш жасап, бирок түзөлүү жолуна түшпөгөн жарандар дагы “Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүчү болсо” мунапыска илиниши мүмкүн экенин кошумчалаган. Андыктан ал фракция лидерлерин демилгени колдоого чакырды.

Роза Отунбаева Өмүбек Текебаевга карата "ойдон чыгарылган кылмыш иши тарыхта сот адилеттигинин негизги принциптерин тебелеген эң оор прецендент болуп калат" деп эсептейт. “Акыйкатсыздыктын уятсыз акты Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурундагы жууса кетпес шермендечилиги болуп калат” деген ал.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков эгер Өмүрбек Текебаев кайрылса, кечирим берүүгө даяр экенин билдирген. Текебаев ырайым сурабай турганын айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12