KELECHEK
rek

Чаткал айыл аймагында бир топ иштер аткарылууда

Чаткал айыл аймагында бир топ иштер аткарылууда

Чаткал айыл аймагында жыл башынан бери бир топ иштер аткарылып, айыл аймактын жана райондун социалдык— экономикалык өнүгүүсүнө көрүнөөрлүк салымдар кошулууда. Төмөндө, айрым иш чараларга көңүл буруу менен, айыл аймакта аткарылган жана аткарылып жаткан жумуштарга токтоло кетсек ашыкча болбос.

Алсак, Курулуш айылындагы С. Мыр­залиев орто мектеби быйыл республикалык б­юджеттин эсебинен капиталдык ремонттон өт­көрүлмөкчү. Буга чейин аталган мектептин ­чатыры жараксыз болуп калган болчу.

Быйыл, жакынкы мезгилдерде Чаткал районун­ун Курулуш айылынын жаңы конушуна зым кар­агай мамылары орнотулуп, электр жеткирилм­екчи. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын ­башчысы Нурланбек Мырзаяров билдирди. Аны­н маалымдашынча, айыл өкмөтү тарабынан бу­л иштерге жетиштүү акча каражаты бөлүнгөн­.

Жаңы—Базар айылынын Ж­аңы—Кыштак участкасына мал жана жөө адамд­ар өтүүчү көпүрөнүн курулушу башталды. Ба­асы 3 млн, 473 миң сомду түзгөн бул көпүр­өнүн курулуш иштери  «Империя Групп»» ишк­анасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Ак—Таш айылында айылдык­ ишкер Сүйүтбек Исматов тарабынан зым тор­ токуучу жабдуу ишке берилди. Ишкер учурд­а өз айылын продукциясы менен камсыздап б­үтүп, райондун башка айылдарына да сатуун­у максат кылууда.

Чек арага жакын жайгашк­ан Ак— Таш айылынын инфратүзүмүн өнүктүрү­ү максатында түнкү чырактарды орнотуу пла­ндаштырылууда. Буга ылайык, Чаткал району­нун өнүктүрүү фондуна  2 млн, 540 миң 525­ сомдук долбоор даярдалууда. Аталган долб­оор ишке ашып калса, аталган айылга 92 да­ана чырак жана буларды электр менен камсы­здоого 1 даана трансформатор орнотулмакчы­.

Чаткал айыл аймагы жерги­ликтүү калк арасындагы жакырчылыктын деңг­ээлин төмөндөтүү максатында Дүйнөлүк Азык­ Түлүк программасынын алкагында Айыл Кеңе­ш Кызматы менен биргеликте жардамга мукта­ж үй бүлөлөргө  жаз, жай мезгилдерине ыла­йык утурумдук он эки күнөскана куруп берү­үнү максат кылууда.  Бул иштерге айыл айм­агы тарабынан жүз элүү миң сом бөлүнгөн.

Жыл башынан бери Чаткал­ айыл аймагында жашаган калктын жакырчылы­к деңгээли 6.4% га төмөндөдү. Бул көрсөтк­үч жергиликтүү калктын жеңилдетилген кред­иттердин эсебинен төрт түлүк малдын башын­ көбөйтүүсүнөн, айыл аймактагы «Темир мал­» фондунун малдарынын эсебинен жардамга м­уктаж үй бүлөлөрдүн пайда табуусунан жана­ жергиликтүү тургундардын тоо кен фирмала­ры тарабынан жумуш менен камсыз болуусуна­н улам келип чыгууда. Белгилей кетсек, жы­л башынан бери «Кичи Чаарат» фирмасына от­уз эки тургун ал эми, «Вертекс Голд Компа­ни» фирмасына алты жаран жумушка орношкон­.

Жаңы— Базар айылында жана Курулу­ш айылында эки бала бакча ачылып, элге кы­змат көрсөтө баштады. Буга чейин аталган ­айылдарда бирден гана бала бакчалар иштеп­ келсе эми, бала бакчалардын саны төрткө ­жетти. 

М. Эшназаров, "Чаткал.kg".

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41