KELECHEK
rek

Ташкенттеги эски үйлөр түрттүрүлүп, ордуна жаңылары курулат

Ташкенттеги эски үйлөр түрттүрүлүп, ордуна жаңылары курулат

Президент Шавкат Мирзиёев Ташкенттин Сергели районундагы жаңы курулган үйлөр менен таанышуу маалында. 21-декабрь, 2018-жыл.

Ташкенттеги бардык эски үйлөр түрттүрүлүп, алардын ордуна жаңылары курулат. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.

Анын айтымында, мындай тапшырманы президент 21-декабрда Ташкенттин Сергели районундагы жаңы курулган үйлөрдүн шарттары менен таанышып жатканда берген.

«Президент жаңы курулган үйлөрдө ысык суу, жылуулук системасы болуп, жашоочулар отун жарып, тамак жасоодо көмүр колдонбошу керектигин айтты», — деди премьер-министр.

Мындан тышкары өкмөт башчы быйыл Ташкентте 1 миллион чарчы метр, жалпы өлкө боюнча 5 миллион чарчы метр аянттагы турак-үйлөр курулганын, мындай көрсөткүчтөр Советтер Союзу өнүгүп турган мезгилде да болбогонун кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл беш айдын ичинде Ташкенттин аталган районунда 21 көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктаган. Аларда жалпысынан 1 176 батир бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38