KELECHEK
rek

Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр

Кыргызстан Silk Visa долбооруна кошулууга даяр

Өзбекстандын Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Улугбек Касымхожаев "Silk Visa" долбооруна Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет - Тажикстан менен Кыргызстан келечекте кошулууга ниеттенип турганын билдирди.

Бул маалыматты “Азаттыкка” Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов да ырастады:

- Бул долбоор чынын айтканда башында үч мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын ортосунда башталган. Азыркы күнгө чейин долбоордун башталышы тууралуу расмий түрдө жарыялана элек болчу. Расмий жарыялангандан кийин биз ага кошулганга даярбыз деп кат жөнөттүк.

Азамат Жаманкуловдун айтымында, чет өлкөлүк саякатчылар Борбор Азияны маданий жана тарыхый жактан бир жалпы аймак катары көрүшөт. Андыктан бир мамлекетке келген туристтин башка өлкөгө да кирүү мүмкүнчүлүгү аймактагы жалпы туризмдин өнүгүүсүнө шарт түзөт. Министр "Silk Visa" же "Жибек жолу визасын" Европа мамлекеттериндеги Шенген визасына салыштырды:​

- Артыкчылыктары көп. Бул бизге келген турист Казакстанга да, Өзбекстанга да тоскоолдуксуз кире алат дегенди билдирет. Же тескерисинче алардан бизге келет. Экономикага да таасирин тийгизиши мүмкүн. Анткени азыр биздин Борбор Азия чөлкөмү бир аймак катары каралып жаткандыктан, Өзбекстанга келген турист Кыргызстан менен Казакстанды, же Кыргызстанга келген турист Казакстан менен Өзбекстанды кыдырганды каалайт. Бул деген бири- бирин толуктаган туризмге кирип калат. Өзбекстанда тарыхый объекттер көп болсо, бизде кооз жаратылыш, кооз жерлер көп.

Буга чейин Казакстан Азербайжан менен Түркияны да жаңы программага тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлаган.

Кыргызстандын Туризм департаментинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер жылына 40 миңден 113 миңге көбөйгөн. Былтыр визасыз режим кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29