KELECHEK
rek

Тажик авиакомпаниялары Орусияга билет баасын 23% жогорулатышты

Тажик авиакомпаниялары Орусияга билет баасын 23% жогорулатышты

Тажик авиакомпаниялары быйыл Орусия багытында авиабилеттердин баасын 23 пайызга жогорулатышты. Бул тууралуу Тажикстан президентинин алдындагы статистика комитети билдирди. Авиабилеттер кымбат болгондуктан, тажикстандыктар Ташкент же Бишкек авиакомпанияларынын кызматын пайдаланышууда.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, Душанбе-Москва каттамындагы эң арзан авиабилеттин баасы 1300 сомониден ($140) 1700 сомониге ($185) чейин жогорулаган. Бул Орусия багыты боюнча Борбор Азиядагы эң жогорку баа. Маселен, Бишкек-Москва каттамы боюнча эң арзан билет 3500 рубль ($55) турат.

Тажикстан жарандык авиация агенттиги Орусия багытына билеттер кымбаттаганын тастыктады. Анын айтымында, авиабилеттердин наркы күйүүчү майдын баасынан көз каранды. Мындан тышкары учактардын чет өлкөдөгү ремонту кымбат. Агенттиктин жетекчисинин биринчи орун басары Азиз Набизоданын билдиришинче, аймактагы башка өлкөлөрдө күйүүчү май эки эсеге арзан.

Тажикстанда эки гана компания – TajikAir жана SomonAir бар. Алар америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактарын колдонушат. Быйыл 1 миллион киши Душанбенин эл аралык аэропортунун кызматынан пайдаланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38