KELECHEK
rek

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун куруучулары кайрадан митингге чыгышты

Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун куруучулары кайрадан митингге чыгышты

18-декабрда Чолпон-Ата шаарына чогулган элүүдөн ашык жол куруучулары дагы эле август айынан берки маянасын ала албай жатканын жергиликтүү бийликтегилерге айтып, нааразы болушту.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Балыкчы-Тамчы-Корумду жол курулушунун башкы инженеринин жардамчысы Эркинбек Бейшембиев билдирди:

- Тээ жайындагы акчабызды ала элекпиз. Июль, август, сентябрь, октябрь, ноябрь, декабрь айларынын акчасы бар. "Эртең берилет" деп убада берди, кытайлар. Эртең да көрөбүз эми, - деди ал.

Нааразы болгондор менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Дамир Моңолдоров, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев жана башка жергиликтүү бийлик органдарынын кызматкерлери жолукту.

Жол курулуп баштагандан бери куруучулар маяна кечеңдеп, берилбей келгени үчүн бир нече жолу нааразы болуп иш ташташкан. Акыркы ирет жол куруучулар "айлык берилбей жатат" деп 31-октябрда Балыкчы шаарына чогулушкан. Анда Транспорт жана жол министрлиги бир аптада маселе чечилерин айтып, убада берген.

Балыкчы – Корумду жолунун курулушу - өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок башынан ызы-чуу менен коштолуп келе жатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13